Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Сүлүктүдө шахтада иштеген жумушчу газга ууланып, ооруканага түштү


Кыргызстан. Архивдик сүрөт.
Кыргызстан. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунда шахтада иштеген бир жумушчу газга ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 25-мартта Сүлүктү шаарындагы “Байкал+” шахтасында болгон.

Алгач “Раимбердиев” шахтасы урап, ичинде жумушчулар калып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Тоо-кен куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барганда шахта урабаганын, ичинде бир киши газга ууланып калганын көрүшкөн.

Аны бирге иштегендер ооруканага алып барышкан. Жабыркаган жумушчунун абалы туруктуу экени маалымдалды.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылы он чакты өлүм катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG