Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Евробиримдик “COVID-19” илдетине каршы вакцина өндүрүүнү тездетет


Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишел (жогоруда) Европа Биримдигинин онлайн саммитине төрагалык кылууда. Париж. 2021-жылдын 25-марты.
Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишел (жогоруда) Европа Биримдигинин онлайн саммитине төрагалык кылууда. Париж. 2021-жылдын 25-марты.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишелдин айтымында, Европа Биримдигинин лидерлери Европадагы “COVID-19” илдеине каршы вакциналарды өндүрүүнү тездетүү жана мүчө мамлекеттерде эмдөө иштерин жакшыртуу тууралуу макулдашты.

27 мүчө мамлекеттин лидерлери 25-мартта онлайн жыйын өткөрүп, бир катар олуттуу маселелер тууралуу талкуулашты. Анын ичинде коронавирус пандемиясынан чыгуунун жалпы жолдору жана вакцина менен камсыздоодогу өксүктөр жаатында талкуу жүрдү.

Бул жолугушууга төрагалык кылган соң, Мишел мырза: "Европада вакцина өндүрүшүн өркүндөтүү жана аны мүчө мамлекеттерге таркатуу жөндөмүбүздү жакшыртуу боюнча иш-аракетибизди улантуу, албетте, өзөккү мааниге ээ. Бул – биздин абсолюттук түрдөгү артыкчылыктарыбызга жатат. Биз Еврокомиссия менен биргеликте бул милдетти аткарууга бар күчүбүздү толугу менен арнайбыз", – деп ишендирди.

25-мартка чейин Биримдик мүчөлөрүнө болжол менен 88 миллион доза жеткирилип, 62 миллион доза эмделип үлгүрүлдү. Жалпы калк саны 450 миллион кишиден турган Евробиримдиктин калкынын 4,1 пайызы (18,2 миллион киши) эки ирет вакцина алып, толук эмдөөдөн өтүштү, деп ЕБнын расмий баяндамасында айтылды.

Европа Биримдигинин айрым мүчө мамлекеттери жыл башында жетиштүү өлчөмдө дозасын ала албай калгандыктан, шериктештиктеги дары затты бөлүштүрүү ыкмасын кайра карап чыгууга чакырышты.


Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен айым 25-марттагы “Твиттердеги” жарыясында: “Евробиримдик 2020-жылдын 1-декабрынан бери 33 өлкөгө 77 миллион доза вакцина экспорттоду. Мындан тышкары, COVAX долбоорунун башкы донору катары, Евробиримдик төмөнкү жана орто кирешелүү өлкөлөргө экспортко салым кошту. Дал ушундай ачык саясатын сактап кала берүү менен бирге, Евробиримдик европалыктардын өздөрүнүн адилеттик менен вакциналардын үлүшүн алуусун камсыз кылууга муктаж”, – деп билдирди.

Германиянын канцлери Ангела Меркел журналисттерге: "Биз, бир жагынан, бүт дүйнө жүзүнө (вакциналарды) жеткирүү тармактарын кадырлоого баш ийебиз жана чөлкөмдүк калкалоочулукка (протекционизмге) каршы күрөшүүнү каалайбыз, бирок, албетте, ошондой эле биз өз элибизди коргогубуз келет, анткени бул – кризистен чыгуунун жолу экендигин билебиз", – деп билдирди.


АКШнын президенти Жо Байден Европа Биримдигинин бул видео баарлашуусуна кыска убакытка кошулуп, коронавирус пандемиясы жана трансатлантикалык мамилелерди жакшыртуу жаатында пикир алмашты.

Канцлер Меркел айым Жо Байден мырза Евробиримдиктин быйыл июнда боло турган саммитине катышат ко деген үмүтүн билдирди. 2009-жылы Жо Байден АКШнын вице-президенти кезинде Евробиримдикти н саммитине катышкан болчу. Ал кезде АКШнын президенти – Барак Обама эле. (TT)

XS
SM
MD
LG