Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Чехиянын президенти «Спутник V» үчүн министрдин кызматтан кетишин талап кылды


Милош Земан.
Милош Земан.

Чехиянын президенти Милош Земан «Спутник V» вакцинасы үчүн саламаттык сактоо министри Яна Блатныны кызматтан кетирүүнү өкмөттөн талап кылды.

Земан өкмөт башчы Андрей Бабиш менен 22-мартта жолугат.

Саламаттык сактоо министри Яна Блатны орусиялык вакцина Евробиримдиктин текшерүүсүнөн өткөнгө чейин күтүүнү сунуш кылган. Президент Земан вакцина өлкөгө тез арада алып келиниши керек деп эсептейт.

"Parlamentní listy" басылмасына курган маегинде Земан "Чехияга Орусиядан жана Кытайдан вакциналар эртерээк келиши керек" деп билдирди. Ал маегинде министрди жана дары-дармекти көзөмөлдөөчү мекеменин жетекчиси Ирен Сторованы "жарандардын өлүмүнө жоопкер" деп айтты.

Блатны менен Сторова вакцинаны колдонууга Евробиримдик макулдук бериши керек деген пикирде.

Февралдын аягында CNN каналына курган маегинде президент Земан орус президенти Путинден «Спутник V» вакцинасын сураганын билдирген. Ал "вакцинанын идеологиясы жок" деп айткан.

Чехияда пандемиядан бери 1 млн. 340 миң адам коронавируска чалдыккан. 22 147 адам оорудан көз жумган.

XS
SM
MD
LG