Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:08

Пашинян Гаспарянды кызматтан алды


Ереванда  1-мартка караган түнү Пашинян элге чыкканында, 2021-жыл
Ереванда  1-мартка караган түнү Пашинян элге чыкканында, 2021-жыл

Арменияда премьер-министр Никол Пашинянга каршы чыккан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарян кызматтан кетти.

Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Оник Гаспарян 10-марттан тартып кызматтан четтетилди деп эсептелет.

Премьер-министр Никол Пашиняндын өкмөтү мындай билдирүүнү шаршембиде аскер кызматы тууралуу мыйзамдарга таянып жасады.

Пашинян өлкөдөгү жогорку аскер кызматкерин «саясий кутумга», «чыккынчылыкка» айыптаган. Ал 1-мартта аянтта тарапташтарынын алдына чыкканда аскерий күчтөрдү саясатка, мамлекеттик башкарууга кийлигишпөөгө чакырган.

«Армия өз милдеттерин так аткарышы керек. Армия артка кетенчиктей албайт. Армия саясий процесстерге катыша албайт. Армия бир гана элге жана эл тандаган саясий бийликке баш ийиши керек. Аскердин мындан тайганы - элге каршы чыкканы. Мамлекеттүүлүккө, мыйзамдуулукка жана Армениянын коопсуздугуна каршы чыкканы», - деген Пашинян «Оникжан, сен чоң ката кетирдиң» деп сөөмөй кезеген.

Февралда Куралдуу күчтөрдөгү ондогон жогорку кызматкерлер Пашинян баштаган өкмөткө каршы билдирүү жасашкан. Муну премьер «аскердик төңкөрүш аракети» деп баалап, Башкы штабдын командачысы Гаспарянды кызматтан алуу боюнча буйрук чыгарып, аны президент Армен Саркисянга кол коюуга жөнөткөн.

Бирок анда президент премьердин чечимин колдогон эмес.

«Президент премьер сунуштаган буйрук долбооруна кол койбой жана белгилүү мөөнөт ичинде бул чечимге каршы Конституциялык сотко кайрылбагандыгына байланыштуу 10-марттан тартып Гаспарян кызматынан четтетилди» деген өкмөттүн соңку билдирүүсүндө «аскер кызматы жана аскер кызматкеринин макамы» тууралуу мыйзамдын бир нече беренесине шилтеме жасалат.

Оник Гаспарян
Оник Гаспарян

Гаспарянды кызматтан алуу боюнча премьердин чечимин эки жолу четке каккан президент Армен Саркисяндын басма сөз кызматы мамлекет башчы Конституциялык сотко кайрылганын маалымдады.

Билдирүүдө Башкы штабдын жетекчисинин кызматтан алынышы Баш мыйзамдарга канчалык туура келерин сот чечери айтылат.

Ал эми Оник Гаспарян аны кызматтан кетирүү боюнча Пашиняндын чечимин «антиконституциялык» деп баалап, дагы бир жолу «өлкөдөгү саясий кризистен чыгууга премьердин отставкасы керектигин» баса белгиледи.

«Мен Мекенге жана армян элиме кызматымды башка макамда улантам» деген анын кайрылуусун Башкы штабдын өкүлү Самвел Асатрян «Фейсбукка» жарыялады.

Еревандагы Пашинянга каршы нааразылык жүрүштөрү, 9-март 2021-жыл
Еревандагы Пашинянга каршы нааразылык жүрүштөрү, 9-март 2021-жыл

Ошол эле маалда Ереванда оппозициянын жүздөгөн өкүлү премьер Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, парламент имаратын курчап турат.

9-марттагы нааразылык акциясында полиция менен демонстранттар ортосундагы тиреш күчөп, абал жеңил-желпи кагылышка чейин жетти.

«Мекенди сактап калуу» оппозициялык кыймылынын координатору Ишхан Сагателян алар парламенттин ичине кирбей турганын, алардын акциялары тынч өтөрүн айтып, тарапташтарын чагымчылдыкка алдырбоого чакырып келет.

2018-жылы «баркыт ыңкылабынын» аркасы менен бийликке келген Никол Пашинян былтыр 9-ноябрда Тоолуу Карабактагы азери-армян согуш жаңжалын токтотуу үчүн Москванын арачылыгы менен түзүлгөн келишимге макул болгондон кийин көпчүлүктүн каарына калган.

Оппозициялык лидер Вазген Манукян
Оппозициялык лидер Вазген Манукян

17 оппозициячыл партиянын башын кошкон «Мекенди сактап калуу кыймылы» Пашинянды «улуттук кызыкчылыктарга чыккынчылык кылды» деп айыпташкан. Анын кызматтан кетишин талап кылып, ордуна Улуттук демократиялык союздун лидери Вазген Манукянды көрсөтүшкөн.

3-мартта Тергөө комитети Манукянды конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырууда деп айыптаган.

Ал эми Пашинян Тоолуу Карабак боюнча чечимге мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо үчүн барганын айтып, Арменияда саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүп, кайрадан жарым-жартылай президенттик башкарууга кайтууну сунуштап жатат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG