Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Армения: бийлик менен оппозиция сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады


Премьер-министр Никол Пашинян жана “Жаркыраган Армения” фракциясынын лидери Эдмон Марукян. 2021-жылдын 4-марты.
Премьер-министр Никол Пашинян жана “Жаркыраган Армения” фракциясынын лидери Эдмон Марукян. 2021-жылдын 4-марты.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талкуулаган жолугушууда Армениянын парламенттик оппозициясынын “Жаркыраган Армения” фракциясынын лидери Эдмон Марукян менен премьер-министр Никол Пашинян бир мунасага келе алышкан жок.

4-мартта Пашинян менен жолугуп чыккан соң Эдмон Марукян “Биз сүйлөшүүлөрду жүргүздүк. Премьер-министр менен менен бир пикирге келе алган жокпуз,”-деп билдирди.

Ал эми башка бир оппозициячыл багыттагы "Гүлдөгөн Армения" партиясынын өкүлдөрү менен премьер-министр сүйлөшүү өткөрөбү же жокпу - ал азырынча белгисиз.

Соңку апталарда Армениядагы саясий кризис күчөп кетти. Былтыр күзүндөгү алты апталык согуш Армения, Азербайжан жана Орусия түзгөн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Оппозиция ал үчүн Пашинянды "чыккынчы" деп күнөөлөп, отставкасын талап кылууда.

Өткөн аптада болсо Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы премьер-министр Пашиняндын өкмөтүнүн отставкасын талап кылган. Муну аскердик төңкөрүш аракети деп баалаган Никол Пашинян Армениянын Башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алууну президентке сунуштаган. Президент Армен Саркисян болсо бул сунушту эки жолу четте каккан.

XS
SM
MD
LG