Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

“Аскер курулуштун” жетекчилери кылмышка шектелүүдө


“Семетей” госпиталы. Архив.
“Семетей” госпиталы. Архив.

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары бюджеттик каражатка кол салган фактынын аныкталганын билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, кылмышка шектелүүлөр «Ганси» авиабазасынын техникалык колдоо борборунун имараттарын обсервацияга даярдоого бөлүнгөн каражаттан өөнөшкөн.

Алар курулуш компаниялары менен сүйлөшүп алып, аткарылган иштин көлөмүн, ага жараша баасын жогорулатып, мыйзамсыз актыларды түзгөндүктөн мамлекеттик казынага 2,5 млн. сом зыян келтирилген.

Учурда бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталды.

2020-жылы коронавирус пандемиясы күч алган июнь-июль айларында Кыргызстандагы ооруканаларда орун жетишпей, бир катар бош имараттарда убактылуу стационарлар ачылган.

Өкмөт ошол кезде мурдагы «Ганси» авиабазасын «Семетей» госпиталы катары иштеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG