Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Сот Жалил Атамбаевди үй камагына чыгарды


 "Азаттыктын" 2019-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт. Жалил Атамбаев.
"Азаттыктын" 2019-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт. Жалил Атамбаев.

Мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалган милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 5-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-мартта карады.

Атамбаев жана анын адвокаттары тергөө менен кызматташууга, айтылган зыянды республиканын бюджетине төлөп берүүгө даяр экени тууралуу өтүнүч келтиришкен. Сот муну эске алуу менен аны үй камагына бошотту.

УКМК Атамбаев депозиттик эсепке 50,5 миллион сомдон ашык акча которгонун, калган 50 миллион сомду ушул айдын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилгенин кошумчалады. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы да ырастап, Атамбаев 3-майга чейин үй камагына алынганын кабарлады.

Жалил Атамбаев 4-мартта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал ички иштер органдарынын кызматкери болуп иштегенде мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлк алганын, аны жакын туугандарына каттап койгону аныкталганын атайын кызмат билдирген.

Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабатту үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган.

“Азаттык” 2019-жылы Жалил Атамбаев тууралуу «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Анда салыктан качкан ишкерлер, алардын ичинде Жалил Атамбаев жөнүндө сөз болгон.

Атамбаев “Азаттыктын” ошол кездеги кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берип, кийин арызын кайтарып алган.(NT)

XS
SM
MD
LG