Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:15

Көмүскө ташылган миллиарддар


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) көмүскө акча ташыгандарга жардам берген аткаминерди кармады.

УКМК тараткан маалыматта Кыргызстандан чыгарылган ири өлчөмдөгү акча кимге таандык экени айтылган эмес. Бирок анда Финансы полициясынын кызматкерлери башка жарандар менен бирге кылмыштуу кирешелерди адалдоо үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөнү жазылган.

Бул шектүү чийимдин жардамы менен 2020-жылдын март айынан октябрга чейин эле Кыргызстандан 59,5 миллиард сом сыртка чыгарылып, андан 500 млн. сомдон ашык казынага түшө турган салык алынган эмес. Атайын кызмат Финансы полициянын кызматкерлерин бул кылмышты жашыруу үчүн схемаларды түзгөндөрдөн сый акыга 180 миллион сом өлчөмүндө пара алган деп шек санап жатат.

УКМК тараткан шектүүнүн сүрөтү.
УКМК тараткан шектүүнүн сүрөтү.

«Учурда бул факт Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат», - деп билдирди УКМКнын өкүлү.

УКМК кармалган адамдын аты-жөнүн толук жазган жок. Бирок ал Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси К.Н. деп айтылды.

Маалыматка ылайык, бул мекемени Казабеков Нурлан жетектеп турган. Интернеттеги маалыматтар боюнча ал аталган кызматка 2018-жылы декабрда келген. 2008-жылдан баштап 2018-жылга чейин УКМКнын кызматкери болгон.

Нурлан Казабековдун жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүн болгон жок. "Азаттык" радиосу аларга да микрофон сунууга даяр.

Кыргызстандан сегиз айда көмүскө ташылып кеткен деп сөз болуп жаткан 59,5 миллиард сомду АКШнын жашыл акчасына айлантканда 700 миллион долларды чапчыйт. Бул акча Кыргызстандын бюджетинин үчтөн бириндей каражат.

Деген менен Финансылык чалгын кызматынын башчысы Канат Тургунбеков бул ири сумма деп чочулоого болбойт деп айтууда. Ал Кыргызстандагы жалпы ишкерлердин тышка акча которууларын эске алуу керектигин белгиледи.

«Көмүскө акча ташыгандар деп айтуудан мурда кылдат болуш керек. Анын көп жолдору бар. Мисалы, банк аркылуу которушат, чемодандар менен ташыйт. Ал эми биздин мекеменин иши банк аркылуу шектүү которууларды карайт. Мындай учурда банк бизге билдирет. Биз аны анализдейбиз. Ал эми таңгактап акча ташыгандарды Чек ара кызматы менен Бажы кызматы карайт. УКМК 59,5 миллиард сом көмүскө ташылган деп билдирген маалыматтын ийне-жибине чейин билбегендиктен аны айта албайм. Ал тергөөдө аныкталып чыгат. Бирок Кыргызстанга миллиарддаган акча кирип-чыгып турат. Кыргызстан дүйнөлүк соода катнаштын ортосунда турат. Муну өтө чоң сумма деп айтууга болбойт. Ишкерлер товар алып келип, салыгын төлөп турат. Ошонун арасынан айрым ишкерлер мыйзам бузуп, кирешесин катканга аракет кылышат. Бирок мындай учурлар аз. Ошондуктан “Кыргызстан - көмүcкөдөгү акчаны адалдаштыруунун борбору” деп айтуудан алыс болуш керек».

Тургунбеков белгилегендей, көмүскөдө акча ташыгандарды аныктоо ишин Финансылык чалгын кызматынан тышкары Мамлекеттик бажы кызматы, УКМК, Мамлекеттик чек ара кызматы жүргүзөт. Ошондой эле бул милдет Финполициянын өзүнө да жүктөлгөн.

Былтыр жыл этегинде Финансы полициясы көмүскө акча ташыган схемадан бюджетке 1,1 миллиард салык түшпөй калганын аныктаган. Бул факты боюнча мекеме Кыргызстандан Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен адамды кармаган. Бирок Финполиция сөз болуп жаткан жашыл акча кайсы убакта ташылып кеткенин жана кармалган адам ким экенин айткан эмес. Болгону колго түшкөн адамдын кылмыштуу схемасына банк адистери, мамлекеттик кызматкерлер көмөктөшкөнү айтылган.

Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдагы чечимине ылайык, Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн ичинде бир адам 100 миң долларды чек арадан эч тоскоолдуксуз алып өтө алат. Каражат андан ашып кетсе акчанын булагын көрсөтүүгө милдеттүү.

УКМКнын төрөгасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков буларга токтолду.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«Мындай көрүнүш дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде бар. Керек болсо коррупция аз деген өнүккөн өлкөлөрдө да көмүскө акча ташыгандар кездешет. Бирок мунун деңгээли Кыргызстанга окшогон коррупцияга, көмүскө экономикага шарт түзгөн мамлекеттерде өтө жогору»​.

«Азаттык» радиосу жана бир нече маалымат каражаттары менен чогуу «Көмүскө акча ташыгандар кербени» аттуу иликтөө жасаган. Анда дал ушундай жол менен Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар, акча ташып иштеген курьерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин ага катышы ачыктаган.

Иликтөөдө Түркияда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө өзүн журналисттерге «акча адалдоочу адис болгом» деп тааныштырып, Кыргызстандан кеминде 700 миллион доллар адалдап кеткенин билдирген.

Экономика тармагы боюнча адис Эркин Абдразаков көмүскө акча ташыгандар терең иликтениши зарыл деп эсептейт.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Өтө чоң суммадагы коррупциялык схеманы аныктадык деп сенсация жаратуунун өзү кооптуу болуп турат. Факты толук иликтенип бүтө элек жатып, тергөө жүрүп жатканда эле “көмүскө акча ташыгандарды аныктадык” деп жарыялап жатышат. Аны экспертизадан өткөрүп, акчанын изин табыш керек. Бул иш сотко чейин жетпейт. Мындай нерседен этият болуу абзел. Мунун аркасы менен чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстан менен иштешүү кооптуу деп чочулап жатышат. Текшерүүлөр өтө көп болууда. Мен муну менен көмүскө экономика жок деп айтуудан алысмын. Экономиканын 70% мына ушундай аткезчилик менен жүрөт деп эксперттер айтып эле жүрүшөт. Ошондуктан муну тыкыр иликтеп чыгуу керек».

2019-жылдын этегинде ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев банктар аркылуу 2018-жылы 90,5 млрд. доллар чыгарылганын кабарлаган. Ал муну Кыргызстанда «банктар либералдуу болгону үчүн ушунча сумма которулушу мүмкүн» деп түшүндүргөн.

Кийинчерээк Улуттук банк Абылгазиевдин сөзүнө түшүндүрмө берип, келтирилген көрсөткүч - өлкөдөгү банктардын операциялык ишмердүүлүгүндөгү бардык транзакцияларында жүгүртүлгөн акча каражаты экенин айткан. Анда 2018-жылы өлкөдөгү банктар 88,6 млрд. доллар суммасында операцияларды ишке ашырганы, 2019-жылдын биринчи жарымында болсо коммерциялык банктардын мындай операциялары 48,1 млрд. долларды түзгөнү айтылган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, көмүскө экономика болжол менен ИДП көлөмүнүн 23-24% түзөт. Ал эми эл аралык уюмдардын иликтөөсү андан кыйла көптү – көмүскө экономика ИДПнын 40% жакынын ээлерин көрсөтүп келишет.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG