Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Улуттук банк 90 млрд. доллар боюнча Абылгазиевдин сөзүн чечмеледи


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк «Азаттыктын» расмий суроо-талабына берген жообунда 2018-жылы «Кыргызстандан чет жакка 90 млрд. доллар акча которулган» деген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзүнө түшүндүрмө берди.

Башкы каржы көзөмөл мекемеси түшүндүргөндөй, келтирилген көрсөткүч - өлкөдөгү банктардын операциялык ишмердүүлүгүндөгү бардык транзакцияларында жүгүртүлгөн акча каражаты. 2018-жылы өлкөдөгү банктар 88,6 млрд. доллар суммасында операцияларды ишке ашырган. 2019-жылдын биринчи жарымында болсо коммерциялык банктардын мындай операциялары 48,1 млрд. долларды түзгөн.

Бул каражаттар банктардын өздөрүнүн корреспонденттик эсептеринен экинчисине (бир филиалдан башка бөлүмгө) же тескерисинче которулуу менен алардын активдерин көбөйтүп, азайтып турат. Тагыраагы коммерциялык банк өз каражатын чет өлкөгө көп жолу жөнөтүп, кайра артка алып келет. Башкача айтканда бир эле акча каражаты айланып турат.

Мындан сырткары бул айлантууда коммерциялык банктардын чет өлкөдөгү өздөрүнүн активдеринин ортосунда да операциялар болушу ыктымал. Бир акчаны валютадан экинчисине алмаштыруу же бир корреспонденттик эсептен чет өлкөдөгү экинчи корреспондентик эсепке которуу сыяктуу аракеттер да ушуга кирет.

Мындай жол менен сыртка бир ирет которулган акча көп жолу которулган катары санылып калышы мүмкүн. Бул операциялардын баары банктардын отчетторунда чагылдырылып турат. «Операциялардын статистикалык эсеби эл аралык усулга ылайык жүргүзүлөт»,-деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандан 700 млн. доллар чыгарылып кеткени тууралуу журналисттердин иликтөөсүнө байланыштуу депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, банктар аркылуу 2018-жылы 90,5 млрд. доллар чыгарылганын кабарлаган. Ал муну Кыргызстанда «банктар либералдуу болгону үчүн ушунча сумма которулушу мүмкүн» деп түшүндүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG