Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Жалил Атамбаев 50 млн. сом төлөп, үй камагына чыкты


Жалил Атамбаев.
Жалил Атамбаев.

Мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалган милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 5-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-мартта карады.

Атамбаев жана анын адвокаттары тергөө менен кызматташууга, айтылган зыянды республиканын бюджетине төлөп берүүгө даяр экени тууралуу өтүнүч келтиришкен. Сот муну эске алуу менен аны үй камагына бошотту.

УКМК Атамбаев депозиттик эсепке 50,5 миллион сомдон ашык акча которгонун, калган 50 миллион сомду ушул айдын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилгенин кошумчалады. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы да ырастады.

УКМКнын кылтагы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы милиционер, Оштогу таанымал ишкер Жалил Атамбаевди мыйзамсыз баюуга айыптап 3-мартта кармаган.

Журналисттер буга чейин анын бизнеси тууралуу иликтөө жүргүзүп, миллиондогон сомдук салыкты төлөбөгөнү аныкталган.

3-мартта кармалган Жалил Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын иши Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча тергелүүдө.

«УКМК ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жүрүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган», - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жалил Атамбаев — Оштогу таанымал ишкерлердин бири. 2019-жылы ал салыктарды жашырганы тууралуу «Азаттыкта» иликтөө жарыяланып, коомчулукта резонанс жараткан.

Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:39 0:00

Иликтөөнү негизсиз деп эсептеген ишкер материалдын автору Ыдырыс Исаковдон моралдык чыгым үчүн 50 миллион сом өндүрүп берүүнү сурап сотко кайрылып, кийин арызын кайтарып алган.

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Атамбаевдин төкпөй койгон салыктары тыкыр текшерилиши керек деп эсептейт:

Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

«Менин иликтөөм боюнча бир эле жоопкерчилиги чектелген "ЖБК строй" коому 132 миллион сомдон ашык салыкты төкпөй, айланып өткөн. Жоопкерчилиги чектелген "ППА" коому Аравандагы мектепти курууга тендерди утуп, 12 жылдан бери бүтүрбөй жүрөт. Ошто милицияларга үй куруп бермек, ал да бүтпөй турат. Буга окшогон фактылардын бардыгын кайрадан карап чыгыш керек. Кытайдан алган карыз бар, экономикалык оор күндөр али алдыда. Ушундай шартта Жалил Атамбаевге окшогон кишилердин коррупциялык иштерин аягына чыгарууга бийлик кааласа да, каалабаса да милдеттүү».

Исаков өз иликтөөлөрүнө таянып, ишкер фирмаларын өзүнүн атына жаздырбай, туугундарына каттатып, салыктан буйтап кеткен учурлары болгонун айтууда.

2019-жылы, журналисттик иликтөөдөн кийин, Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган.

Жалил Атамбаев деген ким?

Ишкер ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда ал Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген.

Атамбаевдин жакындарынын бири анын кармалышы негизсиз болгонун айтып, бирок атайын комментарий берүүдөн баш тартты. Жактоочусу менен байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок. «Азаттык» радиосу ага жана башка тараптарга микрофон сунууга даяр.

Журналист Жылдыз Бекбаева 3-мартта "Фейсбуктагы" баракчасына «Мыйзамсыз байыган деп шектелип, Оштун "серый кардиналы" атыккан Жалил Атамбаев кармалды», — жазды.

Атамбаевдин таасири жөнүндө Ыдырыс Исаков буларга токтолду:

«Ал кызматта турбай турбай туруп деле таасир эте алат. Ошол үчүн да аны "серый кардинал" деп атоого болот. Кимди мэр, президент, прокурор же сот кылыш керек баарын акчасы, байлыгы менен чечип жатат. Көмүскө кожоюндардын бири. Аны менен ким саясатка келсе сөзсүз эсептешишет. Ошол үчүн да ал өткөргөн тойго Финполициясынан башкасынын баары барды».

Ал эми коомдук саясий ишмер Төлөгөн Келдибаев болсо, ишкерди Оштогу таасирдүү кишилердин катарына деле кошпойт.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Өзүнүн ишкердиги менен алектенген жөнөкөй эле адам. Жан сакчысы жок, эл катары коомдук жайлардан тамак ичип жүргөн киши. Бул эч ким менен душман болгон эмес. Акаев болобу, Бакиев болобу, азыркы бийлик болобу - тандаган эмес. Бул кишинин душманы да жок. Коркунучтуу мыйзамсыз көрүнүштөргө барганын уккан-көргөн жокмун. Себиби өзү органда иштеген, эч кандай саясий дымагы жок, бийликке, депутаттыкка умтулган эмес».

Келдибаев өлкөдөгү байларды четинен камай берсе, алар бизнестерин сыртка чыгарып кетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Жарандык активист Мирбек Маматкасым да Атамбаевдин ишкер экенин эске алып, буларга токтолду:

Мирбек Маматкасым.
Мирбек Маматкасым.

«Ишкер адам салык төлөбөй койсо да, ошол учурда ондогон, балким жүздөгөн кишини жумуш менен камсыз кылып жатат. Атамбаев курулуш материалдарды сатып алат, үйлөрдү куруп сатууга чыгарат. Бул экономикага жардам берип жаткан киши. Ошондуктан мындай адамдар камакка алынбай эле үй камагында тергелсе болот».

Атамбаевдин айланасындагы саясатчылар

2020-жылдын 12-декабрында Атамбаев Ош шаарында уулун үйлөндүрүп, 1000дей кишиге той өткөрүп коомчулуктун талкуусуна алынган. Үлпөт той УКМКнын назарына түшүп, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев «Жалил Атамбаев өткөргөн той - элдин бетине түкүргөндүк», - деп сыпаттаган.

УКМК коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө карабай өткөн шан-шөөкөттүү тойго байланыштуу териштирүү жүргүзүп, Атамбаевдин уулу атайын кызматта иштегени аныкталып, катуу сөгүш алган.

Жалил Атамбаевдин уулунун тоюнан тартылган сүрөт.
Жалил Атамбаевдин уулунун тоюнан тартылган сүрөт.

Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, экс-мэр Мелис Мырзакматов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутаттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов жана башкалар катышкан.

Саясатчылардын бул тойго баруусу коомдук тармактарда талкууга алынган. Анда саясатчылардын байлыгынын булагы күмөндүү жана салык төлөбөгөн деп айтылган Атамбаевдин тоюна баруусу мамлекеттин коррупцияга каршы саясатына туура келбейт деген пикирлер болгон.

XS
SM
MD
LG