Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Тажикстанда жогорку кызматтагы аткаминердин уулуна иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Согди облустук көзөмөл органынын кызматкери Манучехр Ахмадзодага каршы «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Манучехр Ахмадзода – Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттигинин башчысынын биринчи орун басары Музаффар Ахмадзоданын уулу.

Азырынча кылмыш иши боюнча шектүүнүн жана анын жакындарынын реакциясы белгисиз.

4-мартта «Озоди» радиосунун тергөө органдарындагы өз булактары Манучехр Ахмадзода Рудаки районунун прокурорунун жардамчысы кызматында иштеп жүргөндөгү алдамчылык иштерге айыпталып жатканын билдирген.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Өткөн жумада Дүйшөмбүнүн Шомансур районунун прокурорунун жардамчысы Сайфиддин Бахриддинзодага да алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG