Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Аксыда алты адам ууланып каза тапты


Кыргызстандагы ооруканалардын бири.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып каза болгон алты адамдын үчөө эркек, үчөө аял экени аныкталды.

Аксы райондук ички иштер бөлүмү фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Милициянын маалыматына ылайык, 2-мартта саат 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. буюрутма берген. Бул чакан кечеге 19 адам барган.

Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын инспектору Шеркул Турганбаев окуя тууралуу буларды билдирди:

«4-мартта алты адам ууланып каза тапты. Алардын үчөө эркек, үчөө аял. Эң улуусу 1958-жылы, эң кичүүсү 1970-жылы туулган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2-март күнү Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургундары 23-февраль жана 8-март майрамдарынын урматына райондогу ашканалардын бирине чогулушкан. Ал жерден тамактанышкан жана спирт ичимдиктерин ичишкен. Болжол менен үч-төрт саат отургандан кийин тарап кетишкен. Эртеси 3-март күнү болжол менен 23:00 чамасында отурушка барган адамдардын алтоо медициналык жардам алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган. Алар Аксы аймактык ооруканасына жолдомо берген. Бейтаптардын үчөө жолдо, үчөө ооруканага келгенден кийин үзүлгөн. Алар: 1967-жылкы Ч.О. (эркек киши), 1968-жылкы Ж.К. (эркек киши), 1968-жылкы Ч.М. (эркек киши), 1952-жылкы Р.А. (аял), 1970-жылкы М.Г. (аял), 1959-жылкы Ш.Т. (аял)», - деди Шеркул Турганбаев.

Республикалык инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бүбүжан Арыкбаева кафеде отургандын баары текшерүүдөн өтүп жатканын айтты:

«19 адам бир кафеде отуруп, салат, бешбармак жешкен. Бөтөлкөдөгү спиртке суу кошуп ичишкен экен. Момпосуй, печенье да жешкен. 3-мартта түндө төртөө ооруканага кайрылды, алардын ичинен үчөө каза болуп калды, бирөө оор абалда. Дагы үч киши үйүнөн үзүлгөн. Азыр ошол кафеде чогуу отуруп, тамак жегендердин баары райондук ооруканада текшерүүдөн өтүп жатат».

Аксы аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Кылыч Буланбековдун айтымында, кечеге баргандардын айрымдары ооруканада жатат.

«Башкалар да медициналык жардам үчүн азыр келип жатат. Булардын баары ошол күнү чогуу болгондор. Алардын акыбалдары туруктуу эле, оорлору жок. Ооруканага жаткандары да бар, дарыгерлерден жардам гана алгандары да бар».

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы 2-март күнү Кара-Жыгач айылындагы ашканада чогуу тамактанган адамдардын ичинен дагы 10 адам: беш аял, беш эркек 4-март күнү кечке жуук ооруканага жаткырылганын кабарлады. Дарыгерлердин айтымында, баарынын абалы туруктуу орто оор абалда.

Кыргызстанда тамакка ууланган учурлар буга чейин да катталган. Айрымдары адам өлүмү менен коштолгон.

  • 2020-жылы 24-декабрда Сокулук районундагы «Оазис» кафесинде өткөн үлпөт тойго катышкан 230 кишинин 70ке жакыны тамак-ашка ууланган. Үлпөткө Нарын, Токмок, Бишкек жана башка аймактардан коноктор барган.
  • Ушул эле 2020-жылдын 9-декабрында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мектеп-интернатта 25 адам тамакка ууланган. Алардын 24ү окуучу, бирөө чоң киши экени айтылган. Алтоо реанимацияга түшкөн. Буга байланыштуу мекеменин төрт жооптуу кызматкерине айыппул салынганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.
  • 2019-жылы 2-июлда Токмок шаарында тамакка ууланган 50 киши ооруканага жатты. Алар 29-июнда «Мегаполис» кафесинде өткөн үлпөт тойго барышкан.​ Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан жүздөй киши ууланганын, арасында балдар да болгонун кабарлаган.
  • 2018-жылы 24-августта Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына тамакка ууланган 42 адам келип түшкөн. Айрым медиа каражаттар массалык уулануу «Ак-Кеме» мейманканасында болгонун жазган.
  • Ага чейин 2018-жылы 28-июлда Ысык-Көлдөгү Бостери айылындагы «Аврора» санаторийинде 11 киши тамакка ууланган. Жапырт уулануудан улам санаторийдин жетекчисине 10 миң сом айыппул салынган. Андан мурдараак, 2018-жылдын май айында да ушул санаторийде жаткан 22 адам тамакка ууланган. Алардын көбү кикбоксинг боюнча чемпионатка келген спортчулар болгон.
  • 2018-жылы 31-мартта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында өткөн үлпөт тойдо жапырт уулануу катталган. Анда ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ресторандын жетекчилигине айып салынган.
  • 2018-жылы 12-март күнү кечинде тамакка ууланган тогуз киши Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган. 13-мартта кайрылгандардын саны сегиз кишиге жеткен. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, Өзгөн шаарынын тургундары, чогуу тамактанышып, үйдө жабылган салатты жешкен.
  • 2018-жылы 13-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка он эки киши ууланып, бейтапканага түшкөн. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер болгон. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жеген. Алардын ичинен облустук балдар ооруканасында дарыланып жаткан эки жана эки жарым жаштагы наристелер чарчап калган.
  • 2017-жылы октябрь айында Таластагы "Манас Ата Сапат" балдар лицейинин 35 окуучусу ууланып, анын 11и ооруканага жатып чыккан.

«Азаттыктын» архиви: Ууланган тамак-аш, 2016-жыл. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

XS
SM
MD
LG