Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Көлгө келген кикбоксчулар тамакка ууланды


Чолпон-Атадагы Азия чемпионаты.
Чолпон-Атадагы Азия чемпионаты.

Чолпон-Атада башталган кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына келген чет өлкөлүк спортчулар тамакка ууланды.

Окуяга байланыштуу тийиштүү органдар териштирүү иштерин баштады. Алгачкы божомолдор боюнча, чет өлкөлүк спортчулар “Аврора” санаторийинин ашканасынан жеген тамактан ууланган болушу мүмкүн.

Чет өлкөлүк спортчулар Кыргызстанга 5-майда эле келип, Ысык-Көлдө “Аврора” мейманканасына жайгашкан. 7-майда эртең менен саат ондордо уулануунун алгачкы белгилери пайда болуп, адегенде жети кишиге ооруканага жаткырылса, кийинчерээк алардын саны 18 адамга жетти.

Ысык-Көл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Альмира Алдашева уулангандардын ичинен жетөө чет өлкөлүк спортчулар, ал эми калганы “Аврорада” иштеген жергиликтүү тургундар экенин “Азаттыкка” айтты.

- Алдын-ала дарт белгиси боюнча баары тамактан ууланган. Көпчүлүгү кусуп, дене табы көтөрүлүп келди. Азыркы учурда абалы турукташып калды. Жардамга Түп аймактык ооруканасынан дарыгер-инфекционист келди.

Мелдешке катышуучу мамлекеттер.
Мелдешке катышуучу мамлекеттер.

"Аврора" жетекчилиги суроолорду көбөйттү

Ал эми “Аврора” санаторийинин жетекчилиги бул окуя кантип болгонун өздөрү түшүнбөй, жооптон суроосу көп болуп жатат. Эс алуучу жайдын директору Максат Шабданбаевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, “Аврорада” азыр 340 адам жайгашкан. Шабданбаев "алардын баарына бирдей тамак берилгендиктен, бардык эс алуучулар ууланмак, ошондуктан спортчулар башка жерден тамак жеген болушу мүмкүн" деген божомолго көбүрөөк ыктап турат.

- Бизге Иран, Ирак, Бириккен Араб Эмирлиги, Корея жана башка өлкөлөрдөн спортчулар келип жайгашты. БАЭ, Иран сыяктуу ысык өлкөдө жашаган спортчулар биздин климатка ылайыкташа албай, тамакка да жакшы көнө албай коюшту. Ошондуктан арасынан көпчүлүгү сыртка чыгып тамак жеп келип жатышкан. Лабораториянын жыйынтыгы чыкса, биз уулануунун так себебин айта алабыз. Ал эми биздин персоналды айтсак, "алар эскирген тамакты ыргытуунун ордуна үйүнө алып барып жеген" деген божомол бар. Себеби уулангандардын арасында бизде иштеген адамдардын үйүндөгү туугандары да катталууда.

Анткен менен аймактык оорукананын дарыгерлери ууланган спортчулардын саны жетиден көп болгонун айтышат. Башкы дарыгер Альмира Алдашева ​алардын көпчүлүгү санаторийден дарыгерлерге көрүнгөнү менен ооруканага жатуудан баш тартышканын айтты.

Ирандын машыктыруучусу: Кыргызстанга дообуз жок

Айтылгандарды чет өлкөлүк спортчулар өздөрү да тастыктады. Ирандын кикбоксинг боюнча башкы машыктыруучусу Ахмад Анджони командада өзү баш болуп беш киши өзүн начар сезгенин, бирок бир гана спортчу ооруканага жатканын айтууда.

Оңдо Ирандын курамынын машыктыруучусу Ахмед Анджони.
Оңдо Ирандын курамынын машыктыруучусу Ахмед Анджони.

- Биздин эки кызыбыз, бир калысыбыз, бир спортчубуз жана мен, машыктыруучу болуп өзүбүздү өтө начар сезе баштадык. Дарыгерлер келип бизге жардам көрсөтүп, кан басымыбызды ченеп, дары беришти. "Мен ооруканага жатып алсам калган спортчуларым кандай болот?" деп ойлодум. Ошондуктан ооруканага жатпай койдум. Азыркыга чейин өзүмдү начар сезип жатам, бирок кечээгиден жакшымын. Мен уулануу санаторийдин тамагынан гана болгонун ишеничтүү айта алам. Себеби биз ошол жактан гана тамак жегенбиз.

Бирок Ирандын машыктыруучусу дооматы жок экенин, бул көрүнүштөн Кыргызстан менен Ирандын мамилеси жогору турарын айтат.

Чолпон-Атадагы кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты уюштуруучуларды санаага салганы менен, турнир өз убагында башталды. Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов айрым спортчулар тамактан ууланганына карабай, таймашка чыгуудан баш тарткан учур боло электигин, бардык спортчуларга таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк берилээрин айтты:

Александр Воинов.
Александр Воинов.

- Мен да "спортчулар мейманканадан ууланды" дегенге кошула бербейм. Ошентсе да иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туралы. Бирок спортчулар кечке чейин катарыбызга келип кошулат. Азырынча "кайсы бир мамлекеттин кикбоксчулары ууланууга байланштуу мушташка чыкпайт" деп айтыла элек. Бардык спортчуларга өз күчүн сыноого мүмкүнчүлүк берилет.

Тамакка ууланган жети спортчунун бири Ирандан болсо, калганы Бириккен Араб Эмирлигинин кикбоксчулары.

Кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты 11-майда аяктайт. Жалпысынан Кыргызстанга 14 мамлекеттен 300дөн ашык спортчу келип, мелдеш Чолпон-Атадагы “Газпром” спорт комплексинде өтүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG