Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:01

"Аврора" cанаторийинин жетекчилигине айыппул салынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жапырт уулануудан улам Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинин жетекчисине 10 миң сом айыппул салынды. Андан тышкары, өз убагында маалымат бербегени үчүн аймактык оорукананын башкы дарыгери, санаторийдин тамактануу бөлүмүнүн жана кампасынын башчылары 5 миң сомдон, санаторийдин дарыгери 3 миң сом айыппул төлөмөй болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ысык-Көл райондук аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнө уулануу белгилери менен кайрылган 24 кишинин он алтысы азыр бейтапканада. Алардын абалы канааттандыраарлык.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ооруканадан чыгарылган сегиз кишинин жетөө чет элдик спортчулар, бирөө "Аврора" санаторийинин кызматкери.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына келген чет өлкөлүк спортчулар ууланганы 8-майда белгилүү болгон. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG