Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Түркмөнстанда ичкиликке тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын башкалаасы Ашхабадда жана облус борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Азырынча тыюу жөнүндө расмий маалымат айтыла элек. Бирок "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазгандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогору жактын оозеки буйругунун негизинде соода түйүндөрүндөгү алкоголдук ичимдиктерди конфискациялап жатышат.

Түркмөнстанда бул жолу спирт ичимдигин сатууга каршы күрөш 5-июлда "Алкоголдун зыяндуу таасиринин алдын алуу боюнча улуттук программа" кабыл алынгандан кийин башталды. Күрөштүн алкагында жеке менчик дүкөндөрдөгү бардык алкоголь өндүрүмү конфискацияланууда.

- "Мир" базарындагы дүкөндөрдөн эч кандай документтерсиз эле спирт ичимдиктери ташылып кетип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Дүкөн ээлерин товардын конфискацияланганы тууралуу кагаздарды толтуруш үчүн шаршемби күнү полиция департаментине чакырышты, — деди ашхабаддык байкоочу Аманмурат Бугаев.

"Түркмөнстан хроникасы" 12-июлда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жеке менчик дүкөндөрдү кыдырып, спирт ичимдиктерин алып кетип жатышканын кабарлаган. Ал эми «Толкучка» соода жайынан жүк ташуучу унаадагы спирт ичимдиктерин толугу менен алып кетишкенин маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Түркмөнстандагы алкоголдук ичимдик саткан дүкөндөрдүн бири.
Түркмөнстандагы алкоголдук ичимдик саткан дүкөндөрдүн бири.

Кабарларга караганда, акыркы айларда Түркмөнстанда спирт ичимдигинен ууланган адамдар көбөйгөн. Алардын арасында каза болгондору да бар. Уулануу бир топ райондордо болгонун «Азаттыктын» түркмөн кызматына аты-жөнү жашыруун булактардын бири кабарлады.

- Өлкөгө метил спирти ташылып келип, ал этил спиртинин ордуна колдонулганы айтылууда. Анын кесепетинен бир тобу ууланып, айрымдары каза болуп да калды. Ушул жагдайдан улам соода жайларында текшерүүлөр болуп жатат. Кайдан чыгарылганы белгисиз спирт ичимдиктери гана конфискацияланып жатат.

Ошол эле учурда ашхабаддык байкоочу Аманмурат Бугаев жеке менчик соода түйүндөрүндө сатылган спирт ичимдиктеринин сапаты дайыма талапка жооп бербей турганын айтты:

- Спирт ичимдиктерин колдонуп жаткан жашоочулар алардын сапаты тууралуу дайыма эле арызданып келишет. Мисалы, Ашхабаддагы вино өндүрүүчү заводдун жанында спирт ичимдиктерин саткан 2-3 дүкөн бар. 30 манатка сатып алган ал жердеги ичимдик менен башка күркөлөрдөн ушундай эле шишеде сатып алынган ичимдиктин ортосунда айырма болот. Азыр көпчүлүк адамдар текшерүү жүргүзүү жасалма спирт ичимдиктерин чыгаруунун алдын алат деп ойлошот.

Ушул жылдын 8-июлунда Ашхабаддагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөрдүн баары жабылып, сыртынан тиешелүү кызматтар тарабынан мөөр басылган.

Ашхабаддагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндүн жабылган учуру. Архивдик сүрөт.
Ашхабаддагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндүн жабылган учуру. Архивдик сүрөт.

Түркмөн бийлиги 2017-жылдын августунан октябрь айына чейин да алкоголь өндүрүмүнө тыюу салган. Анткени Ашхабадда өтүүчү Азия оюндарынын алдында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында ушундай чечим кабыл алынган. Байкоочулар ичимдиктин бул түрүнө тыюу салынганы менен аны жашыруун сатуу да күч аларын айтышат.

2016-жылы Ирактын парламенти өлкөдө алкоголь алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган. Себеп катары спирт ичимдиктерине шариат мыйзамдары жол бербей тургандыгы айтылган. Мыйзам бузгандарга 8 миңден 20 миң долларга чейин айыппул салынары жазылган.

Кыргызстанда да ушу тапта мамлекет спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынбаганы менен кээ бир айылдарда шарият мыйзамдарына ылайык айрым активисттер тарабынан чектөө коюлуп келет.

Тасмада: үч машине ичимдик жок кылынды

Ош: үч машине ичимдик жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG