Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Казак бийлиги жүздөгөн үй-бүлөгө арак ичүүгө тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казак бийлиги сот аркылуу "ыркы келишпеген" жүздөгөн үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салды. Бул тууралуу ИИМдин өкүлү Алексей Милюк билдирди.

Казакстандын бийлиги жарандарга мындай тыюу салуу укугуна 2017-жылдын соңунда, Административдик укук бузуу тууралуу кодекске өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ээ болгон. Анда эгер кандайдыр мыйзам бузууга спирт ичимдиктери себеп болсо, анда сот ИИМдин өтүнүчү менен ал адамдын арак ичүүсүнө тыюу сала ала тургандыгы жазылган.

Тыюу салуу мөөнөтү үч айдан бир жылга чейин болушу мүмкүн. Бул чектөөнү бузган адамдар 15 суткага чейин камакка алынат.

Милюктун айтымында, учурда ИИМдин каттоосунда 10 миңге жакын "ыркы келишпеген үй-бүлө" бар. Алардын баары ушул жаңы мыйзамдын негизинде жазага тартылышы мүмкүн. 2017-жылы 350 адамга спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салынса, быйыл жыл башынан бери андай жазага тартылгандардын саны 855ке жетти.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы орточо эсеп менен өлкөнүн ар бир жашоочусу 11-12 литрден спирт ичимдигин ичкен. Бул коңшу мамлекеттердеги көрсөткүчтөргө салыштырганда кыйла көп. Ошол эле маалда өлкө калкынын 18% алкоголго көз каранды: алар жумасына эки жолудан көп ичкилик ичишет.

XS
SM
MD
LG