Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Нарын облусунун беш айылында арак сатылбай калды


Мындай демилгени Нарын облустук казыяты көтөрүп, аны жергиликтүү бийлик жана эл колдоого алган. Натыйжада айыл өкмөттөр спирт ичимдигин сатпоо тууралуу токтом кабыл алган. Ага ылайык эрежени бузган тарап 5000 сом айыппул төлөйт.

Спирт ичимдиктери сатылбаган айылдардын катарында Ат-Башы районундагы Бирдик, Өзгөрүш, Нарын районунан Миң-Булак айылы, Жумгалдан Таш-Дөбө, ал эми Кочкордон Комсомол айылдары кирет. Нарын казыятынын кызматкери Эрик Молдокуловдун билдиришинче, бул демилгени андан ары улантып, облустун бардык аймактарына жеткирүү аракети көрүлүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG