Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Түркмөнстанда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ашхабадда жана облустардын административдик борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазгандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогору жактын оозеки буйругунун негизинде соода жайларындагы алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоодо.

Түркмөнстанда бул жолу спирт ичимдигин сатууга каршы күрөш 5-июлда "Алкоголдун зыяндуу таасиринин алдын алуу боюнча улуттук программа" кабыл алынгандан кийин башталды. Күрөштүн алкагында жеке менчик дүкөндөрдөгү бардык алкоголь өндүрүмү конфискацияланууда.

- "Мир" базарындагы дүкөндөрдөн эч кандай документтерсиз эле спирт ичимдиктери ташылып кетип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Дүкөн ээлерин товардын конфискацияланганы тууралуу кагаздарды толтуруш үчүн шаршемби күнү полиция департаментине чакырышты, — деп билдирди ашхабаддык байкоочу Аманмурат Бугаев.

"Түркмөнстан хроникасы" 12-июлда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жеке менчик дүкөндөрдү кыдырып, спирт ичимдиктерин алып кетип жатышканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, акыркы бир нече айдын ичинде Түркмөнстанда спирт ичимдигине ууланган адамдар көбөйдү. Алардын арасында каза болгондору да бар. Өлкөгө метил спирти ташылып келип, ал этил спиртинин ордуна колдонулганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG