Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Түрк парламенти арак-шарапты жарнамалоого тыюу салды


Түркия парламенти алкогол ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салган жана сатылышына чектөөлөрдү күчөтүү тууралуу мыйзамды жактырды. Жума күнү кабыл алынган жобого ылайык, алкогол ичимдиктери кечки саат 10дон таңкы саат 6га чейин сатылбайт. Спирт ичимдиктерин мечит жана мектептердин жанында сатууга тыюу салынат. Алкогол чыгарган фирмаларга продукциясын жарнамалоого уруксат берилбейт, телевидениеден арак-шарап даана көргөзүлбөөгө тийиш. Мыйзам мас абалында машина айдаган адамдарга жазаны күчөтүүнү да карайт.

Бийликтеги "Адилет жана өнүгүү" партиясы сунуш кылган долбоорду жактагандар мындай чаралар коомду, биринчи кезекте жаштарды алкоголдун зыянынан коргоону көздөйт дешет. Ал эми сынчылар "башында исламчылар турган партия акырындап өлкөнү исламдаштырууга алып баратат" деп санашат. Эми мыйзам президенттин жактыруусунан өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG