Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Токмокто тойго баргандар ууланды (видео)


Токмок: тойдон кийинки тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Токмок: тойдон кийинки тополоң

Токмок шаарында тамакка ууланган 50 киши ооруканага жатты. Алар 29-июнда «Мегаполис» кафесинде өткөн үлпөт тойго барышкан.​

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча жалпысынан 100дөй киши ууланган. Арасында балдар да бар.

Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын 2-июлда билдиргенине караганда, жабыркагандар Кочкордо, Токмоктун аймактык ооруканасында, Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Элүү адам стационардык дарылануудан өткөн, 54ү амбулатордук жардам алган.

«Жандандыруу бөлүмүндө эч ким жок. Керектүү дарыларды алып жатышат. Ашказандары жуулуп, бардык жардам көрсөтүлдү. Алардын абалы «орточо оор» деп бааланууда. Эмнеден ууланганын аныкташ үчүн эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Тамак-аштын үлгүлөрү лабораторияга алынды», - деди Айгерчинова.

Токмоктогу бейтаптар жаткан оорукана.
Токмоктогу бейтаптар жаткан оорукана.

Үйлөнгөн жигиттин 26 жаштагы досу азыр Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасында дарыланып жатат. Атын атагысы келбеген жигит буларды айтты:

«Тойдо салат жеп, экинчи тамакты ичтик. Краб таякчалары кошулган салаттан шекшип жатам. Күндүн ысыгында ачып кеткен окшойт. Алгач башым ооруп, көзүм тунарып, тердеп чыктым. Анан ичим өттү. Дароо эле ооруканага кайрылдым. Мурда-кийин такыр ууланган эмесмин, биринчи жолу ушундай окуяга кабылдым».

Дарыгерлер уулануунун инкубациялык мөөнөтү эки сааттан жети күнгө чейин созуларын, тойго катышкан 300 кишиден башка алардын кешик жеген жакындары да ууланышы мүмкүн экенин айтышууда.

Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери Бурул Жаркынбаева жайкысын тамак-ашты сактоо опурталдуу экенин эскертти:

Бурул Жаркынбаева.
Бурул Жаркынбаева.

«Массалык түрдө уулангандардын дээрлик көбү ичеги-карындын курч сальмонелла вирусуна кабылат. Бул вирус торттун каймагында, балыкта, деңиз азыктарында, тоок менен туруп калган этте болот. Бизде көбү тойдун этин бир күн мурда бышырышат эмеспи. Жайкысын той бергендер этти дароо бышырып, тартканы жакшы. Болбосо кафе-ресторан ээлери «өздөрү үйдөн алып келишкен» деп жоопкерчиликтен кутулуп кетишет. Учурда тойго барбай эле уулангандар көп болуп жатат. Сурай келсең сэндвич, дарбыз-коон, жер-жемиш жегенин айтышат. Негизи ууланууну, ич өткөктү «кир колдун оорусу» деп коёбуз. Колду да, жей турган азык-түлүктү таза жууш керек».

Жыл сайын жайкысын Кыргызстанда ичеги-карындын курч инфекциялык оорусу күчөйт.

Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Айнура Узакбаева базарда жана көчөдө сатылган сапатсыз азык-түлүктөр бул дарттардын күчөшүнө «салым» кошуп жатканын белгиледи:

Айнура Узакбаева.
Айнура Узакбаева.

«Базарда, көчөнүн боюнда атайын уруксат кагазы, таза экенин тастыктаган сертификаты жок сатылып жаткан манты, самса, тооктун эти, дарбыз-коонду албаш керек. Айрыкча эт кошулган тамак-ашты алуу өтө опурталдуу. Мындай азыктар көлөкөдө, атайын муздаткычта сатылышы абзел. Жол боюнда сатылган жашылча-жемишти, дарбыз-коонду жеген да коркунучтуу. Негизи эле жашылча-жемиш, дарбыз-коонду алгандан кийин таза жууп, чайкап анан жеген туура. Биздикилер ичи ооруганда өз алдынча дарыланат. Организми алсырап, дене табы 40 градус болуп, эс-учунан танганда же кан басымы түшүп кеткенде гана ооруканага келишет. Эгер тамактан кийин, адам өзүн начар сезсе, анда бир литр кайнак сууга «Регидрон» деген дарыны салып иче бериш керек. Ичеги-карын ооруларына чалдыккандар суюктукту, сууну көп ичиши зарыл».

Ал арада өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык кызматы Токмоктогу үлпөт той өткөргөн кафеге карата иликтөө ишин баштаганы маалым болду.

Бейтаптардын анализдери жана кафедеги тамак-аштын калдыктары алынгандан кийин, уулануунун чыныгы себеби белгилүү болмокчу.

Кыргызстанда тамакка ууланган учурлар буга чейин да катталган. Айрымдары адам өлүмү менен коштолгон.

  • 2018-жылы 24-августта Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына тамакка ууланган 42 адам келип түшкөн. Айрым медиа каражаттар массалык уулануу «Ак-Кеме» мейманканасында болгонун жазган.
  • Ага чейин 2018-жылы 28-июлда Ысык-Көлдөгү Бостери айылындагы жергиликтүү пансионатта 11 киши, андан мурдараак, 8-майда «Аврора» санаторийинде 22 адам тамакка ууланган.
  • 2018-жылы 31-мартта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында өткөн үлпөт тойдо жапырт уулануу катталган. Анда ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ресторандын жетекчилигине айып салынган.
  • 2018-жылы 12-март күнү кечинде тамакка ууланган тогуз киши Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган. 13-мартта кайрылгандардын саны сегиз кишиге жеткен. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, Өзгөн шаарынын тургундары, чогуу тамактанышып, үйдө жабылган салатты жешкен.
  • 2018-жылы 13-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка он эки киши ууланып, бейтапканага түшкөн. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер болгон. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жеген. Алардын ичинен облустук балдар ооруканасында дарыланып жаткан эки жана эки жарым жаштагы наристелер чарчап калган.
  • «Азаттыктын» архиви: Ууланган тамак-аш, 2016-жыл. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG