Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Тооктун эти тойдун эртесин тополоң кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашты.

Ууланган жарандардын саламаттыгы акырындык менен калыбына келип жатканын дарыгерлер белгилешти.

Жапырт ууланууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, аталган ресторан убактылуу жабылды. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы ресторан жетекчилигине айыппул салды.

Ушул күндөрү Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына бейтаптар батпай, алардын бир бөлүгү коридорго коюлган кошумча керебеттерде жатып дарыланууда.

Жыпара Алыбаева күйөөсү экөө "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойго барган. Үйгө келгенден кийин өздөрүн жаман сезип, кусуп, дене табы көтөрүлгөндө "Тез жардам" чакырышкан.

Жыпара үлпөт тойдо үстөл үстүнө коюлган бардык даамдан ооз тийишкенин, бирок балык менен тооктун даамы башкача болгонун айтты. Ал ушунча элдин убалында калган ресторан жетекчилигине чара көрүү зарыл деп эсептейт.

- Тойдо жакшы эле отурганбыз. Ал жактан үстөлдөгү даамдын баарынан ооз тийгенбиз. Тооктун, анан балыктын даамы башкача болчу. Үйгө да кешик ала келгенбиз. Анан ушинтип ууланып калдык. Азыр жолдошум экөөбүз дарыланып жатабыз. Башында жегенибиз аш болбой жаткандай болду. Жолдошум өзү оорукчан, азыр да кыйналып жатат. Ресторан ээлерине катуу эле чара көрсө дейм.

Тойго баргандар тоок этине ууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

​Үйлөнүү тоюна келген коноктор гана эмес, той ээлери, жаңы келген келин Асел Жээналы кызы дагы ууланган. Ал бардык малды үйдөн сойдуруп алып келип беришкени гана болбосо, калган тамак-аш, салаттар ресторанда жасалганын айтты.

- Тойдо көп деле тамак жеген эмесмин. Эртеси ресторандан алып келген тамак-ашты жегенбиз. Кечки бештерде кайненем өзүн жаман сезип "Тез жардам" чакырдык. Андан кийин эле мен куса баштадым. Дене табым көтөрүлүп, муздак тер куюла баштады. Малды касапчыга сойдуруп алып келгенибиз эле болбосо калган тамак-аштын баары ошол жакта жасалган. Өзүм түшкө чейин жакшы болуп калдым эле, азыр кайра кыйналып жатам.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда 31-мартта “Ала-Тоо” ресторанында өткөн үлпөт тойго Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Казакстандан 190дон ашуун конок келген.

Ошол той дасторконунан тамак жеп, уулангандардын саны 184кө жеткенин, алардын 110у Бишкекте, 24ү аймактардагы ооруканаларда, дагы элүүгө жакыны үйүндө дарыланып жатканы белгилүү болду.

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчи орун басары Айнура Узакбаева буларды билдирди.

- Ооруканага 150дөй бейтап кайрылып, анын 110у дарыланып жатат. Алардын 19у 14 жашка чейинки балдар. Ооруканада алты бөлүм ачылды.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору баштапкы маалымат боюнча ууланууга тоок же балык эти себеп болушу мүмкүн деп айтууда. Жабыркандар козу карын, баклажан кошулган салат да жешкенин да айтышкан. Так жыйынтык 4-апрелде чыгары белгилүү болду.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынганын Бишкек шаардык санэпидем көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Мухамад Мурзашев маалымат жыйынында билдирди.

- 1-апрелден баштап ресторан жабылды. Массалык уулануу фактысынын себептери аныкталганга чейин ал жабык турат.

Ресторандын ээлери текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбесин айтышууда.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү массалык уулануу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256, ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") жана 258-берененелери ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, тергей баштады.

Коомдук тамактануучу жайларынан адамдар буга чейин да нечен жолу ууланган. Ошондон кийин сырттан тамак-аш алып келүүгө тыюу салынган. Бирок адистер соңку беш жылдан бери мынчалык деңгээлдеги жапырт уулануу болбогонун айтып жатышат.

Бишкекте миңге жакын коомдук тамактануучу жайлар бар. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-апрелден баштап алардын талапка жооп берер-бербесин билдирген стикерлер бериле баштайт. Талапка жооп бергенине жашыл, орто болсо кызыл, "жооп бербейт" дегендерге сары түстөгү белги тапшырылат.

"Азаттыктын" архиви: Ууланган тамак-аш. 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG