Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Бишкекте тойго баргандар ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 1-апрелде республикалык жугуштуу оорулар клиникасына 60тан ашуун адам тамакка ууланып түшкөнүн кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, 31-мартта борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында өткөн үйлөнүү тоюна Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынан келген 190 адам катышкан.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Бишкектеги жетекчиси Артур Буюкляновдун маалыматы боюнча, "Ала-Тоо" ресторанында тамактан ууланганын айтып, дарыгерге кайрылгандардын саны 139га жетти. Алардын ичинен 89у Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Булардын ичинен 19у балдар.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эсенбек Сатылкановдун маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага ушул тойдон кешик жеген 12 киши кайрылган.

2-апрелде массалык уулануу боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") жана 258-беренеси ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү") боюнча кылмыш иши козгоду.

Иликтөө иштерин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди.

- Бул окуя боюнча учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө, - деди ал.

"Кешик эле жегем"

Ичин басып, өбөктөгөн адамдар 1-апрелде республикалык жугуштуу оорулар клиникасын каптап, аларды тейлеген дарыгерлер кымгуут түштү.

Уулангандардын бири Бекболот Байдылда уулу тойго барган эмес. Ал тойдон туугандары алып келген кешикти жегенин, ошондон бери өзүн жаман сезип жатканын айтат:

- Тойдон үйдөгүлөр кешик алып келишкен. Бүгүн эртең менен ошону жеген элем. Ичинде балык, тооктун эти бар болчу. Анан эле түштөн кийин ичим катуу ооруп, кусуп, дене табым көтөрүлүп кетти. Айлам жок, бул ооруканага келдим.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бейтапканага кайрылгандар улам көбөйүп жатат.

- 53 адам ооруканада. Алардын ичинен 63 жаштагы кишинин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал тойго катышкан эмес, бирок үйгө барган устуканды жеген, - деди Алиев.

Тойго баргандар тоок этине ууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

"Ала Тоо" ресторанынын ээлери "текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбесин" билдиришти.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тамак калдыктарынан анализ чогултуп, ресторанды текшерип жатат. Борбордун башкы дарыгери Артур Буюклянов тойго келгендер тоок этинен ууланганын айткан:

- Уулангандардын абалы азырынча орточо. Арасында жеңил жабыркагандар да бар. Учурда “Ала-Тоо” ресторанын текшерип жатабыз. Тамак-аш калдыктарын алдык. Баштапкы териштирүү боюнча адамдар тоок этине уланган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ресторанга чара көрүлөт.

Ал арада Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлө Байдалиев санитардык нормалар жакшылап текшерилгенден кийин ресторанга айыппул салынып же жабылышы мүмкүн экенин билдирди:

- Бул окуя боюнча биздин департамент тарабынан иликтөө башталды. Шаардык башкы санэпидемкызматы ресторанга барып, ал жердеги гигиеналык абалды да карап жатат. Башкы санитардык дарыгер бардык кафе-ресторандарга алдын-ала эскертүү берген эле. Ага ылайык мындай жайларга үйдөн тамак-аш алынып келбеши керек. Массалык тамактануу жайларындагы санитардык нормаларга ылайык, кокус уулануу келип чыкса ошол жайды иштеткендер жоопко тартылат. Эми изилдөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин ресторанга айыппул салынып, аны жаап коюшубуз да мүмкүн.

Кыргызстанда 2018-жылы тамакка ууланып, бир нече киши ооруканага түшкөн учурлар буга чейин да катталган. Алсак 13-мартта Өзгөн райондук ооруканасына он киши түшкөн. Ал эми февраль айында Кара-Суу районунда тамакка ууланып, он эки киши ооруканага жаткан. Көп өтпөй, эки наристе чарчап калган. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жегенин жакындары айтышкан.

"Азаттыктын" архиви: Тамакка уулануунун азабы, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG