Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Консервага ууланган эки киши каза тапты


Адистер үй шартында даярдалган консерва азыктарынан уулануу көп болуп жатканын айтышат.
Адистер үй шартында даярдалган консерва азыктарынан уулануу көп болуп жатканын айтышат.

Кочкор жана Тогуз-Торо районунда 24 адам консервага ууланган. Экөө борбордогу Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жетпей жан берген.

Уулангандардын үчөө Кочкор райондук ооруканасында жатат, калган 14ү Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасына жеткирилген. Тогуз-Тородо консервага ууланган беш киши Нарындагы аймактык ооруканага жаткырылган, алардын бири эки жаштагы бала. Бул тууралуу Бишкектеги жугуштуу оорулар республикалык бейтапкананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев “Азаттыкка” билдирди.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бул иш боюнча министрлик да иликтөө баштаганын, эгерде дарыгерлердин шалаакылыгы аныкталса, жоопко тартыларын белгиледи.

Маалыматтарга караганда, Кочкордон келгендер козу карын консервасы кошулган салаттан ууланышкан. Жабыркагандардын айтымында, консерва дүкөндөн сатылып алынган.

Учурда Кочкор районундагы 24 дүкөндө текшерүү иши жүрүүдө. Санитардык эпидемиологиялык департаменттин санитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Алтын Ураимованын “Азаттыкка” билдиришинче, текшерүү учурунда 1 литрлик 134, 700 граммдык 124 банка консерваланган азыктар сатыктан алынды. Учурда алар атайын экспертизадан өткөрүлүп жатат жана ууланууга алып келген азык боюнча толугураак маалымат үч күндөн кийин белгилүү болот.

Саламаттык сактоо министрлиги үй шартында даярдалган консерва азыктарынан уулануу көп болуп жаткандыгын белгилеп, мындай тамактан баш тартууну эскертет.

Кыргызстанда буга чейин тамакка уулануу фактылары катталып келген. Өткөн 2015-жылдын 8-декабрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ооруканасына тамак-аштан ууланган беш адам жаткырылган. 9-декабрда оорусу күчөп кеткен 14 жаштагы Диана Уланбек кызы бейтапканада көз жумган. Дарыгерлер бул үй-бүлө туздалган бадыраң жеп, анын айынан ботулизм дартына чалдыкканын аныкташкан.

Адистердин айтымында, ботулизм жылчыксыз жабылган идиште таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөр аркылуу козголот. Бул тамак-ашты жеген адам ууланат. Уулуу зат организмдеги ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат.

Өткөн жылы Кыргызстанда ботулизм боюнча 140 учур катталган. Андан 349 адам жабыркап, алты киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG