Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Тамак-аш коопсуздугуна кайдыгерлик


Бишкек шаар бийлиги тамак-аштан уулануулардын алдын алуу үчүн тиешелүү кызматтар кафе-ресторандарды жай мезгилинде текшерип туруусуна өкмөттөн уруксат сурап жатат.

28-июнда “Мансур” кафесинден тамактанган 22 адам дарыгерлерге кайрылып, бирөө ооруканага жаткырылган. Жыл башынан бери шаарда 60тан ашуун киши ууланып, ооруканага кайрылган.

Тамак-аш коопсуздугу боюнча Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Мухаммад Мурзашев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Ондогон адамдар тамак-аштан ууланды деген "Мансур” кафеси убактылуу жабылган экен. Эми анын ээсине жана кызматкерлерине кандай чара колдонулат?

Мурзашев: Тамак-аштан ууланды деген фактыны текшерип, кемчиликтерди тапкандан кийин кафенин ээсине 2 миң сом айыппул салынды. Кемчиликтер жоюлганга чейин кафенин иши убактылуу токтотулду.

"Азаттык": Убактылуу болгондо канча мөөнөткө?

Мурзашев: Биз текшере келгенде ашпозчулар, тейлөөчү кыздар медициналык кароодон өтпөгөнү аныкталды. Ошондуктан алар кароодон өтүш керек.

"Азаттык": Эмне себептен ууланганы аныкталдыбы?

Мурзашев: Азырынча так айта албайбыз. Анткени компания 24-25-июнь күндөрү кечки тамакка заказ берип, саат 7 жарымдарда алып кеткен экен. Бирок түнкү нөөмөттө тургандар тамакты саат 11де жеген. Ошондо алар режимди сактабаган болушу мүмкүн. Себеби ысык тамак бир жолку колдонулчу идиштерге жана целлофан баштыктарга салынган. Балким тамак-аш 3-4 саат муздаткычта сакталбай, сыртта туруп калган болушу мүмкүн.

"Азаттык": Бишкек сыяктуу чоң шаарларда кафе-ресторандар көп эмеспи. Силер тамак-аш коопсуздугун, тазалыкты канчалык тездик менен текшерип турасыздар?

Мурзашев: Мыйзам боюнча, ошондой соода түйүндөрдөгү тамактануучу жайларды бир жылда бир жолу гана текшеребиз. Тилекке каршы бул чара жетишсиз. Бир жылда бир жолу текшерүү аздык кылат.

Өткөн жылы ушундай массалык уулануу болгондо премьер-министрдин көрсөтмөсү боюнча бир айдын ичинде Кыргызстан боюнча кафе-ресторандарды текшерип чыкканбыз. Учурда да Бишкек шаарында коопсуздук чараларын көрүп, мэр премьер-министрге "жок дегенде жай мезгилинде рейд жүргүзөлү" деп кат жолдоду. Азырынча уруксат бериле элек.

"Азаттык": Бизнес үчүн шарттарды түзөбүз, ар кандай текшерүүлөрдү азайтабыз деген өкмөттүн жакшы ниети, тескерисинче, кафе-ресторандардагы анти-санитардык абалдын күчөшүнө жол берип жатат деп ойлобойсузбу?

Мурзашев: Туура айтасыз, коррупцияны ооздуктайбыз, инвестицияны тартабыз, бизнеске жол ачабыз деп отуруп, элдин ден соолугуна бир аз кайдыгер мамиле жасалып жатат десек болот. Себеби текшерүүлөрдүн жол-жобосунда бир квартал мурда планга киргизип, Экономика министрлиги менен макулдашабыз. Ошондон кийин бараар объекттерге, кафе-ресторандарга 10 күн мурда эскертүү жиберебиз, күнүбүздү так айтабыз. Барган күнү деле кемчилик тапсак аларга эскертүү берип, кемчиликтерди жоюу үчүн үч күндөн 30 күнгө чейин убакыт беребиз.

"Азаттык": Бул канчалык туура?

Мурзашев: Бул таптакыр туура эмес. Бул 200% туура эмес болгонуна керектөөчүлөр да макул болот. Анткени алдын-ала айтып барат деген – бул жасалма текшерүү болуп калат. Биз бараар күнү алар жаап коюп кетип калышат. Бизге 5 күн гана берилет. Андан кийин ал объект текшерүүдөн автоматтык түрдө чыгып калат.

"Азаттык": Бишкекте ушул күндөрү ысык 40 градуска чукулдап атат. Базарлар менен дүкөндөр тиешелүү шарттарды сактабай эле тез бузулчу тамак-ашты сатып жатат. Бул жагы канчалык көзөмөлдө?

Мурзашев: Бир жылда бир гана жолу текшерилет. Бирок азыр райондук акимиаттар менен бирге рейдге чыгып, башаламан соода жайларды текшерип жатабыз. Бирок сиз айткан соода түйүндөрдө, базарларда чындап келгенде көзөмөл начар. Бир жылда бир жолу деген туура эмес. Биз июнда текшерип барсак, кайрадан июль-августта барганга укугубуз жок.

"Азаттык": Силердин өз сунушуңар барбы?

Мурзашев: Былтыр да депутаттар мыйзамга өзгөртүү киргизип, жок дегенде Экономика министрлиги менен макулдашып алып, бирок текшерүүгө 10 күн мурда эскертпестен барууга уруксат берүүнү өтүнгөнбүз. Бирок ал мыйзам өтпөй калды. Быйыл да ошол сунушту бердик, бирок жогору жактагы айрым чиновниктер 10 күн мурда эскертүү берүү дегенди алып салса коррупцияга жол ачылат деп ойлоп жаткандыр. Майдан сентябрга чейин жок дегенде 3-4 айда эч кимге айтпастан текшерүүгө барган натыйжалуу болмок.

"Азаттык": Жай саратанда мөмө-жемиш, анын ичинде козу карын жеп алып уулангандар көбөйөт. Бизди угуп, окуп жаткандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Мурзашев: Биринчиден, өздүк гигиенаны сактаса деп каалайт элем. Экинчиден, тамак-аш алганда өздөрү да кызыгып, кайдан чыккан, канча күн сакталат, муздаткычта турабы, идиштери бүтүнбү, бузулган эмеспи - мына ушуларды карап койсо туура болмок. Жолдун боюнда, базардын сыртында сатылган тамак-аштан бир аз баш тарта тургула. Тез даярдалчу тамактардан, самсы, шаурмалардан баш тартып, башка тамактарга өтсөңөр жакшы болоор эле.

XS
SM
MD
LG