Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Бишкекте тамак-аштан жүздөй адам ууланды


"Енисей" кафеси азыр жабык турат.
"Енисей" кафеси азыр жабык турат.

Бишкектеги «Енисей» кафесинде өткөн тойдон 100дөн ашык адам ууланып, 68и ооруканага түштү.

Алардын баары 7-сентябрда аталган кафеге тойго барышкан. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы алар тоок этинен же салаттан ууланышы мүмкүн деген божомолду айтууда. Учурда кафе жабылып, иликтөө башталды. Буга чейин да ушундай окуя катталгандыктан санитардык кызмат кафе-ресторандарга үйдөн жасалган тамакты алып келүүгө тыюу салган болчу.


Тойдун эртеси...


Борбор калаанын Садырбаев көчөсүндө (мурдагы Баха) жайгашкан «Енисей» кафесинде жапырт уулангандар учурда Бишкектеги жугуштуу илдеттерди дарылоочу ооруканада жатат. Аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 7-сентябрдан бери бул кафеден ууланган 103 адам кайрылып, 68и ооруканага жаткырылды. Алардын тогузу жаш балдар:

- Учурда ооруканага жаткандардын абалы орто деп айтсак болот. Абалы өтө оорлор жок. Бүгүн дагы бир жолу кароодон өткөрүп, айрымдарын ооруканадан чыгара башташыбыз мүмкүн. Алардын эмнеден ууланганын биз билбейбиз. Аны тиешелүү дарыгерлер териштирип жатат.

​7-сентябрда “Енисей” кафесинде үйлөнүү тою өткөн экен. Ага чакырылган коноктор кафеден чыккандан кийин эле өздөрүн жаман сезип, куса баштаган. Учурда ооруканада дарыланып жаткан Жапар Курбанов эмнеден ууланганын билбей жатканын айтууда:

- Эми тойго чакырды, бардык. Анан үйгө келгенден тарта кусуп, ичибиз өткөндө ооруканага кайрылдык. Үй-бүлөбүз менен: аялым, келиним болсо неберем менен жатат. Эмнеден ууланганыбызды да билбей калдык. Көп эле тамак жегенбиз.


Уулануу тоок этинен болушу мүмкүн


Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын-алуу департаментинин башчысы Төлө Исаковдун айтымында, уулануунун себебин аныкташ үчүн дарыгерлер лабораториялык жана бактериологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат. Алдын ала изилдөөлөр боюнча, ууланууга салат же тоок эти себеп болгон шекилдүү. Анын үстүнө кафедеги санитардык эрежелер сакталбай, анда иштеген ашпозчулардын биринин да медициналык кароодон өткөнү тууралуу маалымкаты (справкасы) жок болуп чыккан.

- Азырынча тооктун этинен, же салаттан ууланышы мүмкүн деп шектенип жатабыз. Бул боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы эртең чыгат. Ал эми кафеде бир катар санитардык эрежелердин сакталбаганы аныкталды. Мисалы, "Енисей" кафесинде иштеген кызматкерлердин биринде да медициналык кароодон өткөнү тууралуу документ жок болуп чыкты. Ошондуктан кафе жабылып, тиешелүү айыппул салынды.

Учурда "Енисей” кафеси жабык турат. Анын ээси менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

​Төлө Исаковдун билдиришинче, акыркы жылдары ишкердикке шарт түзүү үчүн коомдук тамактануу жайларында санитардык текшерүү азайган. Бирок кафе ээлеринин баары эле санитардык-гигиеналык талаптарды аткарбайт.

Мисалы, былтыр Бишкектеги “Арал” кафесинде 150гө жакын адам ууланып, андан соң кафелерге үйдөн тамак алып барууга тыюу салынган. Бирок аны кафе кожоюндары этибар албай, мурдагы эле көрүнүш кайталанып жатат:

- Эми биздин борбор ар бир кафеге бирден дарыгер коё албайт экен. Анан кафенин кожоюндарына жоопкерчилик жүктөлөт. Бирок кафе ээлери үйдөн тамак жасап келүүгө болбойт деген токтомго карабастан талапты аткарбай жатат. Ошонун айынан ушундай массалык уулануулар катталып жатпайбы.

Ал ортодо Санитардык көзөмөл кызматы ”Енисей” кафеси тиешелүү токтомду аткарбаганы үчүн бул боюнча ишти Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүп бергенин кабарлады.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG