Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Бишкектеги ресторанда уулануунун себеби аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелдеги Бишкекте катталган жапырт уулануунун себеби аныкталганын Бишкектеги санитардык-эпидемиологиялык борбор билдирди.

“Ала-Тоо” ресторанында тай рецепти боюнча даярдалган ​тооктун этинен сальмонелла таякчалары чыккан. Адистер тооктун этин бышыруунун санитардык эрежелери бузулганын айтышууда. Санитардык кызмат уулануунун себебин жок кылыш үчүн 5-апрелде ресторандын ашканасын дезинфекциялады. Азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында ууланган 94 киши дарыланып жатат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустук ооруканаларында 36 киши бар.

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага 200дөн ашуун киши кайрылган. Тойго 190 киши чакырылган.

Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынган. Ресторан массалык уулануу фактысы аныкталмайынча жабылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү массалык уулануу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256, ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") жана 258-берененелери ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат.(BCh)

Тойго баргандар тоок этине ууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

XS
SM
MD
LG