Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Түркияда жасалма ичимдиктен 50 киши өлдү


Шарап дүкөнү. Стамбул шаары.
Шарап дүкөнү. Стамбул шаары.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги 9-октябрдан бери Түркиянын беш ири шаарында 50 киши жасалма алкоголдук ичимдиктен мүрт кеткенин билдирди.

Жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондор алгач 9-октябрда Кыркларели шаарында катталып, кийин Мугла, Измир, Стамбул жана Мерсин сыяктуу ири шаарларда да ооруканаларга ууланган бейтаптар түшө баштаган. Учурда ооруканаларда дарылангандар 50 кишиден ашты.

Ал эми жасалма ичимдиктерди мыйзамсыз жасап саткандарды табыш үчүн Түркиянын Ички иштер министрлиги атайын операция уюштуруп, беш аймактан 58 шектүү адамды кармаган. Алардын 22си тергөөдөн кийин камакка алынган. Министрлик 13-октябрда расмий сайтында полиция катуу текшерүүдөн кийин дүкөндөрдө тымызын сатылган арак-шарап конфискацияланганын билдирген:

«Текшерүүлөрдүн натыйжасында өлкөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу дүкөндөрдө сатылып жаткан жана дезинфекциялоочу каражат катары колдонулган этил спиртинен уулануу учурлары көп болгону аныкталды. Элибиздин ден соолугуна коркунуч туудурган мыйзамсыз жана жасалма алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо чечкиндүүлүк менен уланууда».

Полиция операцияларынын алкагында жалпысынан 16 737 литр этил спиртин, 3 253 литр спирт жана 2 495 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти конфискациялаган.

Ал арада жергиликтүү серепчилер жарандардын жапырт ууланышына дүкөндөрдө мыйзамсыз, арзан жана тымызын сатылган алкоголдук ичимдиктер себеп болгонун айтышууда. Ошондой эле алар Түркияда алкоголдук ичимдиктерге коюлган ири салыктар аткезчилик жолу менен жасалып, сатылган ичимдиктердин көлөмүн көбөйтөрүн баса белгилешет. Мисалы, Европа статистикалык бирикмеси (Eurostat) 2020-жылы Түркиядагы алкоголдук ичимдиктердин бааларынан алынган маалыматтар боюнча, алар Европадагы баалардан эки эсе кымбат экенин билдирген. Европада эң кымбат алкоголдук ичимдиктер боюнча Исландия жана Норвегия, үчүнчү орунда Түркия турат.

Ал эми Түркияда жасалма алкоголдук ичимдиктерден өлгөндөрдүн себебин жакшылап текшерген «Химия инжинерлеринин бирикмеси» акыркы он жылда өлкөдө алкоголдон ууланып өлгөндөр жалпы социалдык мүшкүлгө айланганын баса белгилешет. Бирикменин жетекчиси Али Угурлу өзгөчө пандемия учурунда дүкөндөрдө сатылган дезинфекциялоочу каражаттардын көбөйүшү да ондогон адамдардын өмүрүн алып жатканын билдирди:

«2002-жылдан баштап Түркияда алкоголдук ичимдиктер абдан кымбаттай баштаган. Ушундан улам алкоголго байланган кардарлар мурун үй тазалоо үчүн колдонулган этил спиртин сатып ала башташты. 2017-жылы дүкөндөрдө мындай спирттерди сатууга тыюу салынган болчу. Албетте, спирт ичимдиктерин ичүүнү кайсы гана бийлик болбосун үгүттөй албайт. Бирок коомдо жарандар өз каалоосу менен ичимдик ичкенге укуктуу. Спирттик ичимдиктерди кымбаттатып өлкөдө ичкендерди азайта албайсың. Тескерисинче бүгүн жасалма аракка ууланып каза болгондор күндөн күнгө көбөйүүдө».

Жасалма ичимдиктен өлгөндөрдүн көйгөйү Түркиянын парламентинде да каралды. Анда оппозициячыл Республикалык элдик партиясы «алкоголдук ичимдиктин аткезчилик жол менен келген көлөмүн иликтөө жана жасалма ичимдиктен өлүмгө жол бербөө» боюнча изилдөөнү сунуш кылды.

Стамбулда алкоголдук ичимдикке уулангандар быйыл март айында да катталган. Анда жасалма аракка ууланган 60ка жакын түркмөнстандык ооруканалардын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кийин алардын дээрлик көбү каза болгон.

Түркиялык маалымат каражаттары жабыркаган түркмөнстандыктар коронавирустан коргонуш үчүн жасалма арак ичишкенин жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG