Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Түркмөнстандык активист студент Москвада кармалды


Түркмөн активисттеринин акциясы. Стамбул шаары. Түркия. 2020-жылдын май айы.
Түркмөн активисттеринин акциясы. Стамбул шаары. Түркия. 2020-жылдын май айы.

Түркмөнстандын бийлигин сынга алаганы үчүн «интернет-террорист» катары айыпталып жаткан студент Розгелди Чолиев 2-мартта Стамбулдан Москвага учуп келгенде Шереметьево аэропортунда кармалды.

Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы биринчи болуп кабарлады. Чолиев аэропорттон тартылган видеону социалдык тармактарга өзү жарыялаган.

Былтыр декабрда «Мемориал» укук коргоо борбору жана «Түркмөнстан Хелсинки фонду» Карачай-Черкессияда окуган студент Ютьюбда студенттерди биригип аракеттенүүгө чакырганы, түркмөн бийлигин сындаганы үчүн өз мекенинде «интернет-террорист» деп жарыяланганын маалымдашкан.

Ошондон кийин Чолиевдин Түркмөнстандагы ата-энеси суракка чакырылып, куугунтукка кабылган.

Чолиев өзү коркутууларга карабай, былтыр сентябрда Түркиядагы активисттерге барып кошулууну чечкен.

«Мемориалдын» Борбор Азия программалары боюнча директору Виталий Пономарев "Азаттыктын" түркмөн редакциясына Чолиевди аэропорттон чыгарбай жатышканын бышыктаган.

Орусиянын расмий адамдары ал Түркмөнстандын жараны болгондуктан пандемиянын шарттарына ылайык Орусиянын аймагына өтө албастыгын, Стамбулга кайра жөнөтүлөрүн, анын маселеси менен ал жактагы Түркмөнстандын консулдугу алектенээрин билдиришти. Маалыматка караганда, Чолиев андай вариантка макул болбогондон кийин Москвадагы консулдуктун карамагына өткөрүлүп берилмекчи.

XS
SM
MD
LG