Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:48

Түркмөнстан Англиядан кум сатып алат


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Аймагынын 80 пайызын чөл ээлеген Түркмөнстан Англиядан кум сатып алат. Түркмөн бийлиги чет элдик кум үчүн 1 млн. 300 миң доллар бөлдү.

Түркмөнстан кум сатып алуу үчүн Англиянын «Andrew Bowen Limited» компаниясы менен келишим түзүп, 1 млн. фунт стерлинг төлөп бермей болду. Бул акча 1 млн. 300 миң АКШ долларына барабар. Чет элден алынган кум күлүк аттар чуркай турган жолго төшөлөт.

Бул тууралуу Англиянын «The Gazette» басылмасы 16-февралда жазып чыкты. Маалыматты Англиянын кумун саткан компаниянын башчысы Саймон Бовен 20-февралда "Азаттык" радиосуна ырастады.

Бовен кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып, келишимде 10 миң тонна кумдан башка да материалдар барын белгилеген.

"Күлүктөр чуркай турган жол боюнча келишимде кумдан башка да нерселер бар. Жалгыз эле кум саткан жокпуз. Жолчого кум менен кошо синтетикалык тыбыт төшөлөт. Андан кийин биз аны формага келтирип, нымдайбыз. Андан соң жолдун бетин жылма кылып тегиздөө үчүн май кошулат".

Анын айтымында, күлүк аттар чуркай турган жолдорду куруу боюнча түркмөн бийлиги менен сүйлөшүү 2019-жылдын ноябрь айында башталган. 2020-жылдын февраль айында Түркмөнстандын өкүлдөрү менен компания жетекчилиги Стамбулда жолугуп, келишимге кол коюшкан.

Каракум чөлү
Каракум чөлү

Бул маалымат чыккандан кийин Би-Би-Синин кабарчылары аймагынын 80% кумдуу чөл ээлеген түркмөндөргө кум жетпей жатабы деген суроону коюшту.

Кум саткан компаниянын өкүлү Бовен аттын туягы үчүн түркмөндөрдүн тоголок кумуна караганда Англиянын кесек куму жагымдуу экенине ишендиргенге аракет кылган.

"Аларда чөл көп болгону менен андагы кум күлүк аттар чуркай турган жолчого төшөгөнгө жарабайт. Анткени түркмөндөрдүн куму тоголок, жылмакай. Биз төшөй турган кум өтө катуу эмес, өтө жумшак да эмес. Ошондуктан биздин кум аттардын чуркашына ыңгайлуу, бутуна жагымдуу жана ден соолугуна пайдалуу".

Бирок бийликтин бул чечимин сынга алгандар Түркмөнстанда байыртадан эле күлүк аттар кумдуу жолдо арыбай чуркап келгенин айтышууда. Алар Түркмөнстандын кумунун айынан кайсы бир күлүк жапа чекти деген маалымат чыкпаганын жүйө келтиришти.

Эске сала кетсек, 2013-жылы Аркадаг ат чабыш маалында минген күлүгүнөн кулап түшкөн. Бирок анда кырсык кумдун айынан болгону айтылган эмес.

Британиялык компания 10 миң тонна кумду апрель айына чейин жеткирүүгө шашып жатканы менен түркмөн медиасы бул тууралуу маалымат бере элек.

Түркмөнстан ахалтекин тукумундагы жылкыны улуттук мурас деп эсептейт. Ар бир жылдын акыркы жекшембисин «Ахалтекин күлүктөрүнүн күнү» деп атайын белгилешет.

Түркмөнстандагы спорт комплексинде күлүктөрдүн саламаттык борбору иштейт. Анда аргымактарды эс алдыруу үчүн атайын көлмөлөр да курулган. Сырттан келген машиналар бул жерге кирүүдөн мурда санитардык текшерүүдөн өтөт.

Өлкөдө мындан тышкары аттарга паспорт берилип, укугу атайын мыйзам менен корголгон. Мамлекеттик каттоого кирген ат өлүп калган учурда аны «күлүктөр көрүстөнүнө» коюшат. Мыйзам боюнча мамлекеттик чиновниктер "атты акыркы сапарга узатуу зыйнатына" катышууга милдеттендирилген.

Азыр түркмөн кумун чанып, четтен кум сатып алып жаткан Аркадаг Гурбангулы Бердымухамедов мурдагы жылы түркмөн чөлүн даңазалап, «Каракум» деген аттуу ырды ырдап чыккан. Советтик «Круг» тобунун белгилүү ырын түркмөн президенти 8-марттагы аялдар күнүнө арнаган. Бирок видеоклип улуттук телеканалда он күндөн кийин гана көрсөтүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG