Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 11:22

«Аркадаг» эл алдына чыкты


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов (оңдо) Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен. Түркмөнбашы шаары, 12-август, 2019-жыл.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов акыры эл алдына чыкты. «Аркадагдын» 5-июлдан бери коомчулуктун көзүнө чалдыкпаганы анын көз жумганы тууралуу айың-кептерге себеп болгон эле.

Бир айдан ашык убакыттан бери эл көзүнө көрүнбөгөн Гурбангулы Бердымухаммедов 12-августта Түркмөнстандын Аваза курорттук шаарында өткөн Каспий экономикалык форумуна катышты. «Аркадагдын» («Коргоочу») адаттагыдай подуимда туруп, 20 мүнөттөй сүйлөгөн сөзү түз алып көрсөтүлдү.

Анын саламаттыгы жайында эле көрүндү, сөздөрү адаттагыдай эле айтылып жатты. Бул түркмөн президентинин 5-июлдан - же «ал көз жумду же ооруп комага түшүп калды» деген сөздөр айтылып келе жаткандан берки биринчи жолу эл алдына чыгышы.

Бердымухаммедов сүйлөп жатканда сахнада Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев баштаган чет элдик расмий өкүлдөр отурушту.

Ошондой эле бул жыйынга Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын жана Болгариянын премьер-министрлери, Ирандын биринчи вице-президенти жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров да катышты.

Түркмөн президенти Каспий деңизинин боюндагы өлкөлөрдүн биринчи экономикалык форумунун жана ортодогу кызматташтыктын маанисин баса белгилеп сүйлөдү:

«Бүгүн көптү үмүттөндүргөн жаңы формат жаралып, орток баалуулуктарга негизделген жана орток максаттар менен милдеттерди көздөгөн эл аралык өнөктөштүк мамилеси түзүлүп жатат. Мен бардыңыздарды биринчи жолу өтүп жаткан мындай маанилүү жана оорчундуу окуя менен куттуктайм».

12-августта көрсөтүлгөн башка видеолордо Бердымухаммедов Орусиянын, Азербайжандын жана Казакстандын премьер-министрлери, ошондой эле Ирандын вице-президенти менен өзүнчө жолугушканын көрүүгө болот.

Айың кеп кайдан чыкты?

62 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедов өткөн айдын башынан бери коомчулукка чыкпай калган. Ошондон улам «түркмөн президенти көз жумду же катуу ооруп жатат» деген маалыматтар тараган эле.

Анын «өлүмү» тууралуу алгачкылардан болуп, орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан. 20-августта Евразия маселелерине мониторинг жүргүзүү борборунун директору, политолог Аслан Рубаев Бердымухаммедов «бөйрөк оорусунан көз жумганын» Түркмөнстандагы булактарына таянып, «Говорит Москва» радиосуна билдирген эле:

«Бул тууралуу мага билдиргендер Ашхабадда жашашат. Алар ишшкерлер. Мен алардан тактап сурасам, алар атайын кызматтарда иштеген тааныштары окуя Бердымухаммедов эс алууда жүргөндө болгонун билдиргенин айтышкан».

Саясат таануучу көп өтпөй бул сөздөрүн жокко чыгарса да, түркмөн президентинин «өлүмү» тууралуу маалыматтар орус медиасына тездик менен тарап кеткен. Түркмөнстандык дипломаттар бул сөздөрдү жокко чыгарып, мамлекеттик телеканалдар түркмөн президенти 15-августка чейин эмгек өргүүсүндө экенин кабарлашкан.

Буга карабастан Бердымухаммедовдун эл көзүнө көрүнбөгөнү түкшүмөл ойлорду токтото алган эмес.

Түркмөнстанда «Ватан» мамлекеттик телеканалы 4-августта эмгек өргүүсүндө жүргөн президент Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу сюжет көрсөткөн. Дээрик жарым саатка созулган берүүдө Бердымухамедов адаттагыдай эле ок атып, спорт менен машыгып, китеп, ыр жазып, ал тургай Каракум чөлүндөгү эл арасында «Тозоктун дарбазасы» деп аталган газ кратеринин тегерегинде спорттук автоунаасы менен жүргөнү көрсөтүлгөн. Бирок бул видео 5-июлдан кийин тартылганына далилдер келтирилген эмес.

Кантсе да бир нече аптага созулган жоромолдордон кийин түркмөн президенти тирүү экени белгилүү болду. Бирок ал эмне үчүн бир айдай эл көзүнө көрүнбөй калганы, анын «өлүмү» тууралуу айың-кептерди ким, эмне себептен чыгарганы, анын саламаттыгында маселе бар-жогу азырынча белгисиз бойдон турат.

Австрияда жашаган оппозициячыл түркмөн саясатчысы, Түркмөнстандын республикалык партиясынын башчысы Нурмухаммед Ханамов мындай сөздөргө Бердымухаммедовдун ден соолугунун начарлаганы негиз берди деп эсептейт.

«Анын жоголуп кетишин ден соолугу менен байланыштырат элем. Менимче, ал дарыланып жатты окшойт. Анын үстүнө Каспий боюнча чоң саммитке да даярдануу керек болду. Ага бул жыйында дени сак болуп көрүнүш үчүн дарыланууга туура келди. Ошондуктан саммиттин алдында гана пайда болду. Анын дени сак деп айтпайт элем. Себеби ал шар сүйлөбөй жатат. Кыймыл-аракети да жай. Сырткы көрүнүшүнөн деле адамдын саламаттыгы жайында эмес экени көрүнүп турат», - деп билдирди «Азаттыкка» оппозициячыл саясатчы.

Ошол эле учурда Ханамов түркмөн президенти элдин жана кол алдындагылардын реакциясын билиш үчүн деле өзүнүн «өлүмү» тууралуу айың кептерди чыгарышы мүмкүндүгүн кошумчалап, Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда да ушундай ушак-айыңдар байма-бай айтылып келгенин эске салды.

Экинчи «Түркмөнбашы»

Гурбангулы Бердымухаммедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Ал адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту таң калтырып жүрөт.

Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат. Быйыл «Чек арасыз кабарчылар» уюму Түркмөнстандагы басма сөз эркиндиги Түндүк Кореядан да начар экенин билдирип, бул өлкөнү дүйнө мамлекеттеринин ичинен эң акыркы орунга койгон.

Гурбангулы Бердымухаммедов уулу Сердар (солдо) жана небереси Керимгулы менен.
Гурбангулы Бердымухаммедов уулу Сердар (солдо) жана небереси Керимгулы менен.

2016-жылдын сентябрь айында Түркмөнстандын Конституциясы өзгөрүп, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарган эле. 2017-жылдын февраль айында жаңы Баш мыйзамдын жоболору менен өткөн президенттик шайлоодо Бердымухамедов добуштардын 97 пайызын алганы кабарланган. Анын президенттик мөөнөтү 2023-жылы аяктамакчы.

Бердымухаммедовдун бир уулу жана үч кызы бар. Кыздары тууралуу көп маалымат жок. Бирок соңку бир канча жылдан бери уулу Сердар Бердымухаммедовдун саясий карьерасы тездик менен өсүп жатат.

Быйыл июнь айында Бердымухаммедов уулун өлкөнүн борбору Ашхабад шаары жайгашкан, Иран жана Ооганстан менен чектешкен, стратегиялык жактан маанилүү деп эсептелген ири Ахал облусуна губернатор кылып дайындаган. Түркмөн оппозиция өкүлдөрү президент уулун мураскер катары таптап келе жатканын айтып жүрүшөт.

Аркадагдын «өлүмү» тууралуу кабарлар Түркмөнстандын өзүндө каатчылык өкүм сүрүп жаткан учурда чыгып жатат. Көгүлтүр отунга бай бул өлкөдө азык-түлүк тартыш болуп, айлык акы убагында берилбей жатат. Адистер Түркмөнстандагы мындай кырдаалды бир нече жыл мурда мунай-газдын дүйнөлүк баасынын төмөндөп кеткени, өлкө башчыларынын казынадагы каражатты ири долбоорлорго ыксыз сарптаганы жана экономикада реформалар жүргүзүлбөгөнү менен байланыштырышууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG