Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Түркмөнстан жаңы порттуу болду


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов порттун ачылыш аземинде. 2-май, 2018-жыл.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов порттун ачылыш аземинде. 2-май, 2018-жыл.

Түркмөнстан үчүн абдан маанилүү объектинин ачылышында адаттагыдай эле анын маданий программасына арбын убакыт бөлүндү. "Аркадаг" же өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүн даңазалаган ыр-бийлерге, ураандарга муюп, буга түрдүү өлкөдөн келген коноктор да күбө болушту. Демейде бул өлкөгө кире албаган чет элдик журналисттер кызуу иштешти.

Иш-чаранын оюн-зоок бөлүгү.
Иш-чаранын оюн-зоок бөлүгү.

Андан кийинки театралдаштырылган оюндар Түркмөнстан Көчмөндөр оюндарын же Олимпиада өткөрүп аткандай элес калтырат. Албетте, эбегейсиз экрандан жаңы деңиз портунун дарамети да көрсөтүлдү.

- Түркмөнбашы эл аралык деңиз порту төрт терминалдан турат. Биринчи терминал жылына 4 млн. тоннага чейин жүктү тейлейт. Экинчиси 3 миллионго жакын. Ал эми контейнер терминалы жылына 400 миңге жакын контейнерди жүктөп, түшүрө алат. Төртүнчү терминал болсо жылына 300 миң жүргүнчү тейлөөгө ылайыкталган, - деди ачылыш аземинде жергиликтүү аткаминерлердин бири.

Түркмөн өкмөтү жаңы порт өлкөнүн товар жүгүртүүсүн үч эсе арбытып, жылына 25-26 млн. тоннага жеткирерин болжолдоп жатат. Дүйнөлүк океандарга жол жок, бирок Каспийдин жээгинде порттору бар Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Иран менен катташууга болот.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов ачылыш аземинде деңизге чыкпаган коңшулары менен жаңы портту колдонуу маселесин талкуулоого даяр экенин белгиледи. Андай коңшулары Өзбекстан менен Ооганстан. Алысыраакта Тажикстан менен Кыргызстан бар.

Түркмөнстан Кытай менен темир жол аркылуу байланышта болгондуктан жаңы порту аркылуу чыгыштан келаткан жүктөрдү Европага ташуу ишине да катышса болот. Муну эске алган Ашхабад портту Европа менен Азияны байланыштырган хабга айлантууга үмүт артууда.

Ошондой эле ал өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, газдан бөлөк киреше булактарын көбөйтүүнү көздөйт.

Порт төрт терминалдан турат.
Порт төрт терминалдан турат.

Ушу тапта газ арзандап кеткендиктен Түркмөнстан экономикалык каатчылыкта турат. Анын үстүнө акчасынын куну кетип, азык-түлүк баштаган эң керектүү товарлар тартыш.

Бийликке сын көз караштагылар мындай шартка карабай шаан-шөөкөт менен ачылган инфраструктуралык обьектилер казынага оорчулук келтирип жатканын белгилешет.

Нурмухамед Ханамов - азыр Австрияда жашаган оппозициячыл саясатчы, Түркмөнстан республикалык партиясынын төрагасы. "Азаттык" менен болгон маегинде ал мекениндеги жаңы объектилерди президенттин жемиш бербеген дымактуу демилгелери катары баалаган:

Долбоор өлкө үчүн маанилүү. Бирок түркмөн өкмөтү экономикалык каатчылык башталганда пландарын кайрадан карап чыгып, чыгашаны азайтышы керек эле.

- Бул долбоорлор 2010-жылдары түркмөн газы жакшы баада сатылып турганда башталган. Кийин газ эки эсе арзандап кетти. Кыйынчылыктар ошондо башталды. Порт өзү Орусия менен Азербайжанга жүк ташуу үчүн ыңгайлуу жолдорду ачат. Долбоор өлкө үчүн маанилүү. Бирок түркмөн өкмөтү экономикалык каатчылык башталганда пландарын кайрадан карап чыгып, чыгашаны азайтышы керек эле. Мисалы, миллиондогон акча салып «Аваза» сыяктуу курорттук зоналарды курушту, Азия оюндарын шумдук шаан-шөкөт менен өткөрүштү. Ашхабаддын өзүндө бир министрликтин үстүнө башка бир министрликтин мекемесин куруп жатышат. Бул президенттин дымагы менен жасалып жаткан иштер. Обу жок, бардыгы башкалардын көзүнө жасалган.

Каспийдин чыгыш жээгиндеги Түркмөнбашы шаарына караган портто кеме жасоочу жана кеме оңдоочу завод да курулду. Жалпы курулушка 1,5 миллиард доллар сарпталган.

Былтыр сентябрда Түркмөнстан кеминде 7 млрд. доллар жумшап, имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарын өткөргөн.

Ашхабаддагы аэропорт.
Ашхабаддагы аэропорт.

Мурдагы жылы болсо Ашхабадда 2,2 млрд. долларлык эл аралык аэропорт курулду. Бирок бул жабык өлкөгө чет элден жылына орточо 100 миңдин тегерегиндеги адам келгендиктен адистер ал аэропорт чыгымын акташынан да күмөн санашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG