Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Түркмөн президенти эл алдына чыкты


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Болгариянын премьер-министри Бойко Брисов менен. 12-август, 2019-жыл.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Болгариянын премьер-министри Бойко Брисов менен. 12-август, 2019-жыл.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 12-августта Каспий экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул түркмөн президентинин 5-июлдан - же «ал көз жумду же ооруп комага түшүп калды» деген сөздөр айтылып келе жаткандан берки биринчи жолу эл алдына чыгышы.

Түркмөнбашы шаарынын жанындагы Аваза туристтик аймагындагы жыйын учурундагы Бердымухаммедовдун телеканалдан түз эфирде да көрсөтүлгөн сөзү 20 мүнөткө созулду.

Анын саламаттыгы чың жана жакшы көрүндү, сөздөрү даана жана так айтылды.

Чет элдиктер да катышкан бул жыйында Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын жана Болгариянын премьер-министрлери, Ирандын биринчи вице-президенти болду.

12-августта көрсөтүлгөн башка видеолордо Бердымухаммедов Орусиянын, Азербайжандын жана Казакстандын премьер-минисрлери, ошондой эле Ирандын вице-президенти менен жолугушканы тартылган.

Конференциядагы сүрөттөрдө да анын Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен катар отурганын көрүүгө болот.

Гурбангулы Бердымухамедов өткөн айдын башынан бери коомчулукка чыкпай калган. Ошондон улам «түркмөн президенти көз жумду же катуу ооруп жатат» деген маалыматтар чыккан. Түркмөнстандык дипломаттар бул сөздөрдү жокко чыгарышкан. Мамлекеттик телеканалдар түркмөн президенти 15-августка чейин эмгек өргүүсүндө экенин кабарлашкан.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келатат, адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту таң калтырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG