Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Түркмөнстан: Аркадаг кайда?


Гурбангулы Бердымухамедов неберелери менен.
Гурбангулы Бердымухамедов неберелери менен.

Түркмөнстандык дипломаттар Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалыматты жокко чыгарып жатышат.

Мунун алдында бир катар маалымат каражаттары түркмөн президенти күтүүсүз ажал тапканын жазып чыгышкан. Бердымухамедов 15 күндөй мурун эмгек өргүүсүнө чыкканы кабарлаган, ошондон бери коомчулукка чыга элек.

Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарат жана адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту айран таң калтырып келет.

Орусиядан тараган кабар

Гурбангулы Бердымухамедовдун ажал тапканы тууралуу кабарды негизинен айрым орусиялык маалымат каражаттары жарыялады. Анда "түркмөн президенти бөйрөк оорудан күтүүсүз көз жумду" деп айтылган. Бирок Түркмөнстандын Орусиядагы элчиси бул маалыматты төгүндөдү. Бишкектеги түркмөн элчиси Шадуры Мередов да мындай кабарды жокко чыгарды. Бердымухамедов 5-июлда өкмөт мүчөлөрүн чогултуп жыйын өткөргөн. Ошондон кийин эле коомчулукка чыкпай калган.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Мердан Сарыевдин айтымында, түркмөн президенти айыккыс дартка чалдыкканы тууралуу маалымат соңку күндөрү байма-бай тарап жаткан:

"Ал ооруп жатканы тууралуу маалыматтар соңку эки-үч айдан бери эле чыгып жатат. Ал тууралуу соңку видео берүүлөрдө өңүнөн азып калганын деле байкаса болот. Эмне үчүн Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалымат желдей тарап, ага коомчулук ишенгендей деле болду? Анткени соңку 15 күндөн бери ал эч чыкпай калды. Үч күн мурун мамлекеттик телеканал "Бердымухамедов эмгек өргүүсүндө, эс алуусун неберелери менен өткөрүп жатат" деп, мышыктар менен ойноп отурганы тартылган видеону көрсөттү. Дем алыш күнү бир катар орусиялык маалымат каражаттары "Бердымухамедов өлдү" деген маалыматты жазып чыгышты. Алар "Говорит Москва" радиосуна шилтеме кылышты. Радио өз кезегинде саясат таануучу, эксперт Аслан Рубаевдин сөзүнө таянып жазды. Рубаев болсо Ашхабаддагы атайын кызматтагы булактарын көрсөттү. Бирок көп өтпөй эле Рубаев туура эмес маалымат таратканы үчүн кечирим сурады".

Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалыматтын чын-бышыгы чыкпай турган маалда президенттин расмий сайтынан Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүү тууралуу анын буйругу жарыялады. Түркмөнстандык "Алтын доор" ("Золотой век") маалымат каражаты Бердымухамедовдун саламаттык сактоо кызматкерлерин куттуктап жазган кайрылуусун жайгаштырды.

Түркмөнстандагы окуяларга байкоо салып турган маалымат каражаттары Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы Огулабат Бердымухамедова катуу ооруп, ушул күндөрү Германияда дарыланып жатканын жазып жатышат. "Гундогар" басылмасынын маалымдашынча, Бердымухамедовдун учагы 12-июлда Германияга конгон.

Гурбангулы Бердымухамедов 62 жашта. Ал 2006-жылы Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин бийликке келген. Өткөн айда Бердымухамедовдун туулган күнү болгон, бирок мурдагыдай шаан-шөкөт, салтанат менен белгилеген эмес. Ал күнү имамдар жана министрлер Бердымухамедовдун өмүрүн, ден соолугун тилеп, дуба кылышкан болчу.

Гурбангулы Бердымухамедов өткөн айда уулу Сердарды Ахал облусунун башчысы кылып дайындаган. Анын Ашхабад шаары жайгашкан, Иран жана Ооганстан менен чектешкен, стратегиялык жактан маанилүү деп эсептелген ири облуска жетекчилик кызматка барганы «мураскер» тууралуу талкууну жанданткан.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Мердан Сарыев уулунун тездик менен кызматтан кызматка жогорулап жатканы да Бердымухамедовдун саламаттыгы тууралуу имиш кептерди күчөткөнүн белгиледи:

"Ал уулун аябай көтөрмөлөп жатат. Баласынын карьерасы 2016-жылы башталган, ошол жылы депутат болуп шайланган. Ошондон бери бир канча мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалады. Азыр эми эң маанилүү аймактын акими болуп иштеп жатат. Бир катар эксперттер түркмөн президенти өзүнүн уулун "мураскерликке" даярдап жатат дешет. "Бердымухамедовдун ден соолугу кескин начарлаганы үчүн уулун шашылыш көтөрмөлөп, кызматтан жогорулатып жатат" деген да пикирлер бар".

Ушул жылдын март айында Бердымухамедов «Мамлекеттик бийлик органдарындагы жана башкаруудагы туугандардын чогуу кызмат өтөшүн чектөө тууралуу» мыйзамды жокко чыгарган. Бул чечим Сердарды жетекчилик кызматтарга дайындоого жол ачкан.

Аркадаг аргымагына рэп арнады
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:47 0:00

Түркмөнстандагы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Сердар Бердымухамедовду «элдин уулу» деп даңазалап жазышат. Атасы менен кошо эл алдына чыкканда ЖМКлар аны «муундардын мураскерлиги» катары сыпатташат.

Гурбангулы Бердымухамедовдун жеке жашоосу, жубайы, канча баласы бар экени тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Мердан Сарыев Түркмөнстанда Бердымухамедовдун тууган-уругу таасирлүү экенин айтып берди.

"Эл алдына бир жолу да аялы менен чыккан эмес. Шайлоо болуп, добуш бергени барганда жанында эки кызы, уулу жана неберелери гана болгон. Аялы болгон эмес. Анын өмүр баянында жубайы, бала-чакасы тууралуу бир да маалымат жазылган эмес. Анын ага-иниси жок. Айрым бир маалыматка караганда, беш-алты эжеси бар. Бердымухамедовдордун үй-бүлөсү таасирлүү. Өлкөдөгү негизги бизнестердин баары ошолордун колунда деген маалымат бар. Бирок анын туугандары тууралуу эч кандай расмий маалымат жок".

Гурбангулы Бердымухамедов эл аралык коомчулукту ар кандай жүрүм-туруму менен таң калтырып жүрөт. Мисалы, быйыл жазында «Ровач» деген сүйүктүү аргымагына арнап ыр жазып, аны небереси менен чогуу аткарган. Андан мурун велосипед тээп баратып, тапанчадан ок атып жаткан видеосу жарыяланган. 2013-жылы ат чабышка чыгып, кунандан кулап кеткен, бирок ага карабай баш байге президентке берилген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG