Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Түркмөн президенти уулун губернатор кылды


Сердар Бердымухаммедов.
Сердар Бердымухаммедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов уулу Сердарды Ахал облусунун башчысы кылып дайындады.

Сердар Бердымухаммедов өлкөнүн борбору Ашхабад шаары жайгашкан, Иран жана Ооганстан менен чектешкен, стратегиялык жактан маанилүү деп эсептелген ири облуска жетекчилик кызматка барганы «мураскер» тууралуу талкууну жандантты.

Борбор Азия чөлкөмүндө президенттердин уул-кыздарынын, жакын туугандарынын мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындалышы, бийликтин атадан балага өтүү мүмкүндүгү тууралуу сөздөр кадыресе көрүнүшкө айланган.

Гурбангулы Бердымухаммедовдун 37 жаштагы көзгө басар уулу Сердар өлкөнүн саясий турмушуна мындан үч жыл мурун жигердүү аралаша баштаган. 2016-жылы ал түркмөн парламентине депутат болуп шайланган. Андан кийин Тышкы иштер министрлигинин департамент башчысы, тышкы иштер министринин орун басары өңдүү кызматтарды аркалаган.

Быйыл жыл башында Гурбангулы Бердымухаммедов уулун Ахал облусунун башчысынын орун басары кылып дайындаган. Мындан эки-үч ай мурун «Азаттыктын» түркмөн кызматы бийликтеги ишенимдүү булактарга шилтеме кылып, Сердар Лебап облусун башкарышы мүмкүн экенин жазган. Бирок мындай план кандайдыр бир белгисиз себептерден улам ишке ашпай калган.

Ахал облусу.
Ахал облусу.

Ушул жылдын март айында Бердымухаммедов «Мамлекеттик бийлик органдарындагы жана башкаруудагы туугандардын чогуу кызмат өтөшүн чектөө тууралуу» мыйзамды жокко чыгарган. Бул чечим Сердарды жетекчилик кызматтарга дайындоого жол ачкан.

Түркмөнстандагы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Сердар Бердымухаммедовду «элдин уулу» деп даңазалап жазышат. Атасы менен кошо эл алдына чыкканда ЖМКлар аны «муундардын мураскерлиги» катары сыпатташат.

Сердар Бердымухаммедов өлкө жетекчилери катыша турган ар кандай эл аралык иш-чараларга Түркмөнстандын президентинин атынан барып жүргөн. Маселен, 2018-жылы Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын жыйынына катышып, КМШнын министрлер жыйынына да барганы белгилүү. 2017-жылы бир катар чет өлкөлөрдө жумушчу, расмий сапар менен болгон.

Эки жыл илгери Гурбангулы Бердымухаммедов 85 жаштагы атасы, ички иштер органдарынын ардагери Маликгулы Бердымухаммедовдун урматына мамлекеттик сыйлык негиздеген. Ошол жылы өлкөнүн эгемендик майрамында күч органдарынын кызматкерлерине сыйлыктар ыйгарылганда президенттин уулу Сердар атасынын колунан «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» деп чоң атасынын атындагы медаль менен бирге подполковник даражасын алган.

Бердымухамедов уулун 17-июнда жетекчилик кызматка дайындашы да бекеринен эмес. Буга чейин ал уулун Лебап облусуна 7чи, же 17-апрелде дайындайт деп жатышкан. Анткени Бердымухаммедов «жети» деген санды жакшы көрөрү, өзгөчө мамиле кылып, ийгиликтүү деп эсептей турганы белгилүү.

Бийликтин атадан балага өтүшү тууралуу сөздөр Тажикстанда да арбын айтылат. Расмий Дүйшөмбү үч жыл мурун өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөрткөн. Ага ылайык, президенттикке талапкердин жаш курагы кичирейген. Мурдагы Конституция боюнча өлкө башчылыгына ат салышкан адамдын жашы 35тен жогору болууга тийиш болсо, жаңы Баш мыйзамда ал беш жылга азайтылган. Мындан улам Эмомали Рахмондун тун уулу, 31 жаштагы Рустам Эмомали эмдиги жылы президенттик шайлоого катышышы мүмкүн деген сөздөр чыккан.

Тажикстандык саясатчы Алим Шерзамоновдун пикиринде, Эмомали Рахмон алдан-күчтөн тайгыча бийликти колдон чыгарбайт, бирок ошону менен эле бирге бийликти өз мураскерине өткөрүп берүүгө жол чаап жатат.

Алим Шерзаманов.
Алим Шерзаманов.

«Бул биздин Конституцияга киргизилген төртүнчү өзгөртүү, - деди ал. - Мунун баары эле азыркы президенттин бийлигин узартууга, анын бийлигин мураскоруна өткөрүп берүүгө багытталган. Эртең эле Рахмон бийликти уулуна өткөрүп берет деп айтыш кыйын. Бирок алдын-ала чара көрүп, чечимдерди кабыл алып жатат».

Эмомали Рахмондун уулу ушул тушта Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүнүн мэри. Ал бул кызматка мындан эки жыл мурун дайындалган. Ага чейин Бажы кызматын, Коррупцияга каршы күрөш агенттигин башкарган. Эмомали Рахмон уулун экинчи даражадагы «Алтын таажы» ордени менен сыйлаган.

Коңшу Казакстанда «мураскер» тууралуу талкууда өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы, казак Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын аты көп айтылат. Назарбаев ушул жылдын март айында кызматтан күтүүсүз кеткенде анын кызы тууралуу сөздөр кызыган. Ушул айдан башында Касым-Жомарт Токаев президент болуп шайланганы менен «Дарига Назарбаева президент болушу мүмкүн» деген божомолдор азайган жок. Өлкө мыйзамдарына ылайык, эгер мамлекет башчысы кандайдыр бир себептер менен кызматын аркалай албай калса, анын милдети Сенаттын башчысына жүктөлөт.

2016-жылы бийликке келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Анын күйөөсү Ойбек Турсунов - президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары. Мирзиёевдин экинчи кызы Шахноза 2018-жылы Билим берүү министрлигинде башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Күйөөсү болсо президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жүрөт.

Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбековдун уул-кыздары мамлекеттик кызматта иштебейт. Бирок мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалаган бир туугандары, куда-сөөгү бар жана бул бийликке дооматты күчөтүп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG