Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Түркмөндөр өөнөлгөн акчасын кайтарып алат


Түркмөн манаты.
Түркмөн манаты.

Швейцария түркмөн коррупционерлеринен конфискацияланган 1 миллион 300 миң долларды Түркмөнстанга кайтарып берет.

Бирок ал каражаттар түркмөн бийлигинин колуна тийбейт. Бириккен Улуттар Уюмунун Түркмөнстандагы саламаттыкты сактоо долбоорлорун каржылоого берилет.

Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги ири акча Түркмөнстандын кайсы коррупционеринен жана качан алынганын ачыкка чыгарган жок. Тек гана акча Түркмөнстанда саясий кызматтарды аркалаган чиновниктерден алынганын билдирип, жалпы суммасын гана ачыкка чыгарды.

"Мыйзамсыз табылган мүлктөрдү кайтаруу саясатынын негизинде Швейцария камакка алынган 1 миллион 300 миң АКШ долларын Түркмөнстанга кайтарат. Бул каражат Бириккен Улуттар Уюмунун Түркмөнстандагы саламаттыкты сактоо программасын каржылоого багытталат", - деп айтылган билдирүүдө.

Мындай макулдашууга Швейцария, Түркмөнстан жана БУУнун Өнүктүрүү программасы 15-январда Берн шаарында кол коюшту. 1 миллион 300 миң доллар эми кургак учукка каршы дары-дармектерди сатып алууга жумшалмакчы.

Расмий билдирүүгө караганда Түркмөнстанга кайтчу каражат саясий кызматкерлердин мыйзамсыз байышына каршы күрөш боюнча Швейцария өкмөтүнүн атайын программасынын алкагында конфискация болгон. Түркмөнстанда саясатчылар мыйзамсыз жолдор менен чыгарган каражаттын кайра өлкөгө кайтарылышы биринчи жолу болуп жатат.

Негизи эле түркмөн чиновниктеринин ири коррупциялык иштери тууралуу эл аралык маалымат каражаттарында маал-маалы менен айтылып жүрөт.

Маселен, учурда Германиянын MAN компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин бири «Түркмөннефть» мамлекеттик компаниясынын чиновниктерине ири өлчөмдө пара берүүгө айыпталууда. Анын соту өткөн жылдын декабрында башталган. Немис прокуратурасынын маалыматына караганда, MAN компаниясы 2002-2007-жылдар аралыгында түркмөн чиновниктерине пара катары 8,4 миллион евро берген.

2010-жылы Германиянын Daimler компаниясы Түркмөнстандын эң жогорку даражалуу чиновниктерине пара бергени үчүн айыпталган. Тагыраагы, 2000-жылы машина куруучу Daimler концерни Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязовдун туулган күнүндө ага баасы 300 миң евролук чопкутталган "Мерседес" белек кылганы далилденген. Дал ошол 2000-жылдын башында түркмөн бийлиги менен Германиянын Daimler концернинин ортосунда жогорку даражалуу чиновниктерге люкс классындагы бир нече машина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан.

Айтылуу "Мерседес" үлгүсүндөгү машиналарды чыгарып, бүт дүйнөгө сатып келаткан бул компания ушул сыяктуу коррупциялык келишимдердин айынан 2010-жылы бир эле АКШга 185 миллион доллар айып төлөп берүүгө аргасыз болгон.

Ал арада Кыргызстан эки президентин коррупцияга айыптап тактан кулатканы менен качып кеткен мурдагы чиновниктерден эч нерсе өндүрө албай келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG