Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

«Ач көздүгүмөн пара алдым»


Мурдагы ички иштер министр Искандер Муликовдун түркмөн мамлекеттик телеканалдары жарыялаган видеодон алынган сүрөтү.
Мурдагы ички иштер министр Искандер Муликовдун түркмөн мамлекеттик телеканалдары жарыялаган видеодон алынган сүрөтү.

Түркмөнстанда он жылдай ички иштер министри болуп иштеген таасирдүү аткаминер түрмөгө кесилди. Сот Искандер Муликовду жемкордук боюнча күнөөлүү деп тапты. Мамлекеттик телеканал мурдагы башкы полициячынын пара алганын мойнуна алып, өкүнгөнүн айтып жаткан видеосун да көрсөттү.

Түркмөн президенти октябрдын башында иштен айдаган мурдагы ички иштер министри Искандер Муликовго сот өкүмү чыкканы 3-декабрда белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында башкы прокурор Батыр Атдаев билдиргенин мамлекеттик телеканалдар жарыялашты.

«Алтын асыр» каналы колу кишенделген, чачы кырылган жана адатта түрмөдө отургандар кийген кара кийимчен экс-министрдин күнөөсүн мойнуна алып, кылганына өкүнүп жатканын айткан видеосун көрсөттү.

Муликовдун кызматта турган учурдагы сүрөтү.
Муликовдун кызматта турган учурдагы сүрөтү.

«Мен, Искандер Муликов 2009-2019-жылдары ички иштер министри болуп иштеп жүргөндө ач көздүгүмөн улам кызмат абалымды пайдаланып, пара алгам. Урматтуу мамлекет башчы бардык шарттарды түзүп бергенине карабастан, туура эмес жолго барып, өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жүргөм. Бул кылмыштарым ачыкка чыккандан кийин мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылдым. Күнөөмдү толук мойнума алып, өкүнүп жатам», - деп өкүнгөнүн билдирген Муликов.

2009-жылдан бери дээрлик он жыл бою ички иштер министрлигин жетектеген таасирдүү аткаминер канча жылга түрмөгө кесилгени так айтылган жок. Бирок Амстердам шаарынан Түркмөнстандагы жаңылыктарды чагылдырып турган Turkmen.news басылмасы Муликов 20-25-жылга кесилгенин жарыялады.

«Кете бериңиз!»

Түркмөн телеканалдары мурдагы башкы полиция башчысына таандык миллиондогон доллардын таңгактарын, хансарай жана кымбат буюм-тайымдарды да көрсөтүп, алар мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнүн кабарлады.

Башкы прокурор Батыр Атдаев 3-декабрдагы жыйында билдиргендей, Муликов бир катар кылмыштарга байланыштуу, анын ичинде «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ири өлчөмдө пара алуу» беренелери боюнча айыпталган. Атдаевдин сөздөрүн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Гурбангулы Бердымухаммедов да угуп отурду.

«Аркадаг» деген атка конгон Бердымухаммедов быйыл 1-октябрда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында Муликовду залдан кууп чыгып, дароо кызматтан алган. Буга ошол эле башкы прокурордун министрдин кызмат абалын кыянат пайдаланганы жана жемкорлукка барганы тууралуу баяндамасы негиз берген.

Жыйында президент Бердымухаммедов Муликовго буга чейин да эскертүү берилгенин, бирок андан тыянак чыгарбаганын айткан.

Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

- Ошондуктан иштеги чоң кемчиликтериңиз үчүн сизди ички иштер министри кызматынан бошотуп, полициянын генерал-лейтенанты наамыңызды полициянын майору деген наамга түшүрүп жатам. Айта турган сөзүңүз барбы? Жок болсо, барыңыз, кете бериңиз, - деп билдирген бийликти бир колдо кармаган түркмөн президенти.

Түркмөн басылмалары Муликов кызматтан алынгандан кийин ага таандык бир нече кафе, ресторан конфискацияланганын, аткаминер мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылганын, ошондой эле анын айдоочусу да кармалганын жазып чыгышкан.

Коррупцияга каршы күрөштүн «карааны»

44 жаштагы Искандер Муликовдун президенттин жакын туугандарынын арасында колдогон адамы бар экени кабарланып жүргөн. 2017-жылы Муликов кызматтан өз ыктыяры менен кетүүгө аракет кылып, президентке кайрылган. Бирок Бердымухаммедов анын өтүнүчүн четке кагып койгон болчу.

Түркмөн телеканалдары Муликовдун акчасы катары көрсөткөн акча таңгактары.
Түркмөн телеканалдары Муликовдун акчасы катары көрсөткөн акча таңгактары.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, Ички иштер министрлигиндеги тазалоого Искандер Муликов менен өлкөдөгү башка бир таасирдүү фигура – улуттук коопсуздук министри Яйлым Бердиевдин тиреши себеп болушу мүмкүн.

Түркмөн мамлекеттик телеканалдары аткаминерлердин күнөөсүн же катасын мойнуна алып, ал түгүл көзүнө жаш алып, кечирим сураган видеолорун байма-бай көрсөтүп жатышат. Адатта мындай билдирүүлөр коррупцияга каршы «аоёсуз күрөштү» даңазалаган сөздөр менен коштолот.

Ошентсе да коррупциянын абалына көз салган «Transparency International» уюмунун «Коррупцияны кабылдоо индексинде» Түркмөнстан дүйнөдөгү жемкорлук эң көп жайылган 20 өлкөнүн катарынан чыкпай келет. Индекске ылайык, Түркмөнстан коррупциянын деңгээли боюнча 180 мамлекеттин ичинен 161 сапта, ал эми Чыгыш Европа менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрүн эң артында турат.

Ошондой эле Гурбангулы Бердымухаммедов 13 жылдан бери башкарып келе жаткан Түркмөнстан - адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин бири. Быйыл «Чек арасыз кабарчылар» уюму Түркмөнстандагы басма сөз эркиндиги Түндүк Кореядан да начар экенин билдирип, бул өлкөнү дүйнө мамлекеттеринин ичинен эң акыркы орунга койгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG