Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Түркмөн президенти ички иштер министрин иштен алды


Түркмөнстандын иштен айдалган мурдагы ички иштер министри Искандер Муликов.
Түркмөнстандын иштен айдалган мурдагы ички иштер министри Искандер Муликов.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн 1-октябрдагы жыйынында ички иштер министри Искандер Муликовду иштен алды.

Башкы прокурор Батыр Атдаев Муликовдун кызмат абалын кыянат пайдаланганы жана жемкорлукка барганы тууралуу баяндама жасаган соң Бердымухамедов ИИМдин башчысын иштен алганын жарыялап, аны жыйындар залынан кууп чыкты.

Ошол эле күнү министрге тиешеси бар деген Ашхабаддагы ресторандарды жана дүкөндөрдү камакка коюу тууралуу чечим чыкканы белгилүү болду. Муликовдун айдоочусу Максат Аманов да камакка алынды.

44 жаштагы Искандер Муликов бул кызматты 2009-жылдан бери ээлеп турган. «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ички иштер министрлигиндеги соңку «тазалоого» Искандер Муликов менен өлкөдөгү башка бир таасирдүү фигура – улуттук коопсуздук министри Яйлым Бердиевдин тирешүүсү себеп болгонун өз булактарына таянып билдирди.

XS
SM
MD
LG