Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

«Аркадаг» аткаминерлерди ыйлатты


Өкмөттүн жыйынында көрсөтүлгөн видео тасмадагы «коррупционер» деп соттолгон мурдагы аткаминерлер.
Өкмөттүн жыйынында көрсөтүлгөн видео тасмадагы «коррупционер» деп соттолгон мурдагы аткаминерлер.

Түркмөнстанда соода жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча экс-министр Амандурды Ишанов баштаган жоон топ мурдагы аткаминерлер, бизнесмендер соттолду.

Өкмөттүн соңку жыйында камалгандар күнөөсүн мойнуна алып, шолоктоп ыйлап жатканы тартылган видео тасма көрсөтүлдү. Аларга «коррупция», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» боюнча айып тагылган. Камалып, соттолгондордун арасында мамлекеттин эсебинен ажылык сапарды уюштурууга жооптуу кызматкерлер да бар.

Түркмөн бийлигинин коррупцияга каршы мындай күрөшү ар түрдүү талданып жатат. Муну президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун кадыр-баркын көтөрүү аракети катары сыпаттагандар да жок эмес.

Түркмөнстандын президент Гурбангулы Бердымухаммедов 13-сентябрда Ашхабадда жыл башынан берки коррупцияга каршы күрөш боюнча өкмөттүк жыйын өткөрдү. Анда залдагы чоң экрандан колдору кишенделген, күнөөлүү экенин, мыйзам бузганын мойнуна алып, ыйлап-боздогон мурдагы аткаминерлер, ишкерлер тартылган видео тасма көрсөтүлдү.

«Коррупционер» деген айып менен соттолгондор тууралуу Түркмөнстандын башкы прокурору Барыт Атдыев маалымат берди. Анда соода жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча экс-министр Амандурды Ишанов «кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ири суммада пара алып жүргөн, өзү жетектеген мекемедеги жетекчилик кызматтарга тааныш-билишин, туугандарын коюп алган» деп айтты.

Башкы прокурор мамлекеттин эсебинен ажылык сапарды уюштуруудагы коррупцияга жол берген деген айып менен үч адам камалганын, арасында муфтияттын кызматкери да бар экенин билдирди:

«Бул адамдар 2018-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын июль айына чейин ажылык сапарга барганы жаткан жарандардан өтө чоң суммадагы пара алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын мүлкү да камакка алынды. Алардын чоң суммадагы акчасы, ичи мүлккө толгон батирлери жана жеңил унаалары мамлекеттин эсебине алынды».

Гурбангулы Бердымухаммедов коррупцияга байланыштуу жетиштүү чара көрбөгөнү үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Чары Гылыжоуга катуу сөгүш жарыялап, мамлекет каржылаган ажылык сапардын коррупцияга малынганын сынга алды. Мындан ары өкмөттүн акчасына ажыга барган адамдардын санын 160тан 380ге чейин көбөйтүүнү тапшырды.

Гурбангулы Бердымухаммедов паракорчулукка каршы аёосуз күрөш жүрөт деп эскертти. Жетекчилерге өз тармагындагы коррупциянын алдын алууну, катуу көзөмөл кылууну тапшырды.

Түркмөнстандагы коррупцияга каршы мындай күрөш ар түрдүү талданып жатат. «Азаттыктын» түркмөн кызматына атын атабоону өтүнгөн жергиликтүү журналисттердин бири бул коррупциялык айла-амалдар бир топ жылдан бери эле калыптанып калганын, коомчулукка белгилүү экенин айтты. Бийлик эми гана аны ашкерелеп, шардана кылып жатканын Гурбангулы Бердымухаммедовдун эл арасында төмөндөп кеткен кадыр-баркын көтөрүү аракети деп сыпаттады:

«Түркмөнстанда жакшырак бизнес кылып, тайманбай чоңурак пара алуу үчүн сөзсүз жогору жактан колдоочуң болушу керек. Бул өлкө эгемен алгандан бери эле кадыресе көрүнүшкө айланган. Бирок мындай колдоо кечке эле мыйзам буза беришиңе кепил боло албайт. Эгер президент, же анын жакындары керек деп тапкан учурда жогору жак колдоп келген адамдар деле зынданга түшүп калат. Президенттин мамлекеттин эсебинен ажыга барчу адамдардын санын көбөйтүү, 380ге чейин жеткирүү тууралуу билдирүүсү да өзүнүн кадры-баркын жогорулатуу аракети. Мурда өкмөттүн акчасына жылына 190 адам ажыга барып келчү. Соңку жылдары бул сан 160 болуп азайып кеткен. Мындан улам ажыга бекер барууну каалагандар көбөйгөн, бул өз кезегинде коррупцияга жол ачкан».

Өкмөттүк жыйындын аягында Гурбангулы Бердымухаммедов алабай ити тууралуу китеп жазып чыгарганын жарыялады жана бул итке арналган ырынан үзүндү да окуп берди.

«Трансперенси Интернешнл» эл аралык уюмунун соңку иликтөөсүнө ылайык, Түркмөнстан коррупциянын деңгээли боюнча аймактагы эң начар мамлекет деп табылган жана 180 мамлекеттин ичинен 161-орунду алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG