Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Түркмөнстан: «Ватан» телеканалы президенттин эс алуусун көрсөттү (видео)


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстанда «Ватан» мамлекеттик телеканалы 4-августта кечинде эмгек өргүүсүндө жүргөн президент Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу сюжет көрсөттү. Дээрик жарым саатка созулган берүүдө Бердымухамедов адаттагыдай эле ок атып, спорт менен машыгып, китеп, ыр жазып, ал тургай Каракум чөлүндө эл арасында «Тозоктун дарбазасы» деп аталган газ күйүп жаткан жерде спорттук автоунаасы менен жүргөнү көрсөтүлдү. Бирок сюжетте Бердымухамедовдун үнү угулган жок, журналисттин үнү менен коштолуп берилди.

Гурбангулы Бердымухамедов өткөн айдын башынан бери коомчулукка чыкпай калган. Ошондон улам түркмөн президенти көз жумду деген маалыматтар чыккан. Түркмөнстандык дипломаттар бул сөздөрдү жокко чыгарышкан. Мамлекеттик телеканалдар түркмөн президенти 15-августка чейин эмгек өргүүсүндө экенин кабарлашкан.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарат жана адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту таң калтырып келет.

XS
SM
MD
LG