Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Түркмөнстан: «Аларды тирүү көрсөткүлө!»


«Аларды тирүү көрсөткүлө!» деген эл аралык өнөктүк 2019-жылдын этегинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылып, өлкөнүн түрмөлөрүндө дайынсыз болгон саясий туткундарды бошотууга үндөдү.

Ошондой эле эгер алардын арасынан бирөө-жарым каза тапса жакындарына кабар берип, салт-санаага ылайык акыркы сапарга узатууга жол берүүгө чакырышат.

«Аларды тирүү көрсөткүлө!» деп аталган өнөктүктүн активисттери алардын түркмөн президентине багыштаган каты январдын башында жеткенин ырасташат. Кайрылууда белгиленгендей, бийликтин каарына калып, саясий жүйө менен камалып, кийин дайынсыз болгондордун көбүнүн жаза мөөнөтү эбак эле бүткөн.

Алардын арасында: ​Эсен Буриев (жаза мөөнөтү 2017-жылы аяктаган), Иса Гаратаев (2017-жылы аяктаган), Базар Гурбанов (2018-жыл), Аннагелди Акмурадов (2019-жыл), Мамур Атаев (2019-жыл), Константин Шихмурадов (2019-жыл), Рустем Жумаев (2020-жыл), Сапармурат Мухаммедов (2020-жыл), Батыр Сарджаев (2020-жыл), Оразмаммет Ыклымов (2021-жыл), Овезмурат Язмурадов (2021-жыл) бар.

Эл аралык уюм 17 жылдан бери Түркмөнстандагы түрмөлөрдө жаза өтөгөндөр белгисиз жагдайда жоголо баштаганын белгилейт. Бул жылдар аралыгында «Аларды тирүү көрсөткүлө!» аттуу өнөктүк жабык жайларда дайынсыз болгон 120 учурду документтештирген. Чындыгында бул сан мындан да көп болушу мүмкүн.

Түркмөнбашы шаарынын батышындагы түрмө. Архивдик сүрөт.
Түркмөнбашы шаарынын батышындагы түрмө. Архивдик сүрөт.

Кайрылуу ээлери «Түркмөнстанда дайынсыз болгондор отурган түрмөлөрдө шарт адам чыдагыс, 27 киши ушундай шартта жарыкчылык менен кош айтышкан» деп көрсөтүшкөн.

Активисттер түркмөн президентин бул маселени жакын арада чечүүгө чыгынып, ырайым кылып, дайынсыздардын тизмесинде киргендердин жаза мөөнөтү аяктагандарын бошотуп, өлгөндөрү болсо жакындарына угузуп, салтка ылайык коштошууга мүмкүнчүлүк берет деп үмүт артышат.

2021-жылы жаза мөөнөтү аяктай турган саясий туткун Оразмаммет Ыклымовдун бир тууганы, көп жылдан бери Швецияда бозгунда жүргөн Сапамырат Ыклымов «Азаттыктын» түркмөн кызматына телефон аркылуу сүйлөп жатып:

- Саясий туткундардын көпчүлүгү, анын ичинде менин бир туугандарым да небак эле тирүүлөрдүн катарында жок экенин билип турам, - деди.

Эл аралык уюм эркинен ажыратылган жарандык активист Гулгелды Аннаниязовдун ахыбалына токтолгон. Аны түрмөдө 2019-жылдын март айына чейин 11 жыл бою эч ким менен жолуктурбай кармашкан. Ага чыккан соттун чечимин эч ким көргөн эмес.

Гулгелды Аннаниязов.
Гулгелды Аннаниязов.

Анын түрмөдөгү мөөнөтү аяктаса да бийлик аны эркиндикке чыгарбай койгон. Былтыр майда гана Гулгелды Аннаниязов жыл башында кайрадан 5 жыл түрмөгө кесилип, Карабогаз шаарчасына жөнөтүлгөнү маалым болгон. Ошондон кийин гана АКШнын таасирдүү сенаторлору президент Бердымухамедовго кат жазып, Аннаниязовду түрмөдөн бошотууга чакырышкан.

Кайрылуу ээлери түркмөн бийлиги түрмөлөрүндө дайыны чыкпай жаткан саясий туткундардын жаза мөөнөтү аяктагандарын токтоосуз бошотууга милдеттүү экенин эскертишет.

Түрмөлөрдө отурган диссиденттер тышкы дүйнө менен, анын ичинде жактоочусу жана жакындары менен байланыша алышпайт. Бирок өлкө мыйзамдарында жаза өтөп жаткандар кат-кабар алышууга, тышкы дүйнө менен байланышууга укуктуу экени мыйзамда каралганы менен иш жүзүндө тыюу салынган.

2007-жылы президент Бердымухамедов Нью-Йорктогу Колумбия университетиндеги жолугушууда саясий туткундар тууралуу суроого «алар тирүү» деп жооп берген.

Бирикен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдар, АКШ, Франция, Швейцария сыяктуу өлкөлөр Түркмөнстанда саясий туткундардын түрмөлөрдө белгисиз жагдайда дайынсыз жоголуп жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Эл аралык коомчулук да бул көрүнүшкө 2010-жылдан баштап көбүрөөк көңүл бура баштаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG