Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Армян президенти Башкы штабдын башчысын кызматтан алуу сунушун кайрадан четке какты


Армен Саркисян
Армен Саркисян

Армениянын президенти Армен Саркисян 2-мартта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алуу боюнча премьер-министрдин сунушун кайрадан четке какты.

Бирок армян президенти Конституциялык соттон “Гаспарянды кызматтан кетирүү жөнүндө буйрук конституцияга дал келеби же жокпу?” деген суроо боюнча чечим чыгарууну суранган жок. Укук адистеринин айтымында, эгерде мамлекет башчысы 4-мартка чейин Конституцциялык сотко кайрылбай турган болчу болсо, анда Гаспарян дароо эле ошол күнү кызматтан кетирилди деп саналат.

Арменияда соңку бир аптадан бери саясий кризис күчөп жатат. Былтыр күзүндөгү алты апталык согуш Армения, Азербайжан жана Орусия түзгөн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Оппозиция ал үчүн Пашинянды "чыккынчы" деп күнөөлөп келатат.

Өткөн аптада болсо Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы премьер-министр Пашиняндын өкмөтүнүн отставкасын талап кылган. Муну аскердик төңкөрүш аракети деп баалаган Никол Пашинян аскерий жетекчини кызматтан алууну президентке сунуштаган.

1-мартта Еревандагы Республика аянтында миңдеген тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, Пашинян “эгер парламенттик оппозиция мөөнөтсүз шайлоого макул болсо, биз ага даярбыз”, - деп билдирди.

Армян премьери күзүндө жаңы Конституция кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылды. Анда келечекте саясий кризистердин алдын-алуу үчүн президенттин укуктарын кеңейтүү каралышы мүмкүн.

Армениянын оппозициядагы «Бакубат Армения» партиясы премьер-министр Никол Пашиняндын мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүү сунушун четке какты.

Парламентке кирбеген бир нече саясий партия да Пашиняндын дароо кызмттан чегинишин талап кылып жатышат. Алар эрте шайлоого чейин убактылуу өкмөт түзүлүшү керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG