Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Түрк-орус чордону Тоолуу Карабак тынчтык келишиминин аткарылышын көзөмөлдөөдө


Азербайжандын президенти И.Алиев былтыр бошотулган Шуша шаарында мамлекеттик желекке таазим кылууда. 2021-жылдын 15-январы.
Азербайжандын президенти И.Алиев былтыр бошотулган Шуша шаарында мамлекеттик желекке таазим кылууда. 2021-жылдын 15-январы.

Түркия менен Орусия биргелешип түзгөн байкоо чордону Тоолуу Карабак аймагындагы Армения менен Азербайжандын ортосундагы ок атышууларды токтотуу жүрүмүнө байкоо жүргүзө баштады. 30-январда бул чордонду салтанаттуу ачуу аземи өткөрүлдү.

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов жана Түркия менен Орусиянын коргоо министрлеринин орун басарлары биргелешкен чордонду ачуу аземине катышты.

Түркиянын коргоо министринин орун басары Хулуси Акар 29-январда бул чордон тууралуу айтып, анда Түркиянын бир генералы жана 38 офицер жайгашаарын айткан. Чордон армяндардан былтыр ноябрда эле бошотулган Агдам районунда орун алган. Чөлкөмдөгү кеңири мейкиндикке көз салуу үчүн дрон да колдонулмакчы.

2020-жылы 9-ноябрда Орусия Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атышуулары токтотуу тууралуу келишимге арачы болгон, андан соң алты апталык согуш аракеттери токтотулган. Келишимге ылайык, 1994-жылдан бери Жикчил Тоолуу Карабак автоном аймагынын четтериндеги Армениянын кол астында кала берип келген бир катар азербайжандык райондор кайра Бакуга кайтарылган.

Түркия менен Орусия мындан көп узабай, Тоолуу Карабакта ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимдин аткарылышына байкоо жүргүзгөн биргелешкен чордон түзүү тууралуу макулдашкан.

Түрк-орус биргелешкен байкоо жүргүзүү чордонунун көрнөгү. Агдам району, Азербайжан. 2021-жылдын 30-январы.
Түрк-орус биргелешкен байкоо жүргүзүү чордонунун көрнөгү. Агдам району, Азербайжан. 2021-жылдын 30-январы.

Түркия Азербайжандын негизги колдоочусу болуп келет. 30-январда Азербайжандын президенти Илхам Алиев түрк кесиптеги Режеп Тайып Эрдоганга телефон чалып, Орусия менен Түркиянын орток чордону ишке киришкендиги үчүн куттуктагандыгы кабардалды.

Орусиянын 2 миңдей жоокери бул чөлкөмдө тынчтык жаратуу күчтөрү катары кызмат өтөөдө. (TT)

XS
SM
MD
LG