Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Арменияда армия жетекчилери Пашинянды кызматтан кетүүгө кайрадан чакырышты


 Ереван, Армения. 2021-жылдын 10-марты.
Ереван, Армения. 2021-жылдын 10-марты.

Армениянын куралдуу күчтөрү премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган чакырыгын кайталашты.

Мунун алдында премьер Башкы штабдын командачысы Оник Гаспарян 10-марттан тарта кызматынан алынганын билдирген болчу.

Армениянын армиясы өткөн айда Никол Пашиняндын отставкасын талап кылгандан бери өлкөдө саясий кризис курчуду. Премьер ал чакырыкты "аскердик төңкөрүш аракети" деп баалап, тарапкерлерин көчөгө алып чыккан. Ошол эле маалда армиянын генералдарына каршы кадам катары Гаспарянды кызматынан алуу сунушун президентке жөнөткөн. Бирок Армен Саркисян Башкы штабдын башчысын кызматтан алуу тууралуу жарлык чыгаруудан баш тарткан болчу. Февралдын соңунда Пашинян Оник Гаспарянды кызматтан алуу сунушун кайрадан кайталап экинчи ирет президентке жиберген эле.

Оппозиция дагы Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып келатат. Шаршембиде Ереванда акациялар уланды. 9-мартта оппозициянын миңдеген колдоочулары нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар парламенттин имаратынын кире бериштерин тороп салышты. Тиреш күчөп, абал полиция менен демонстранттар ортосундагы жеңил-желпи кагылыштарга чейин жетти. Шаршембиде да оппозициянын акциялары уланды.

Азербайжан менен Тоолуу Карабак үчүн алты жумалык согуш аяктагандан бери өкмөт башчы чоң кысымга туш болуп келатат. Былтыр 9-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен түзүлгөн макулдашууга ылайык Армения Азербайжандын Тоолуу Карабак автоном аймагындагы жана анын айланасындагы 1990-жылдардан бери өз аскерлери үстөмдүк кылып келген бир нече райондун үстүнөн көзөмөлдү колунан чыгарган эле.

XS
SM
MD
LG