Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Депутат Алтыбаева: "Достук" чек ара бекетинде пара алуу уланууда


Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жүргүнчүлөрдөн пара талап кылган көрүнүш токтой элек. Бул тууралуу 10-мартта парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Айнуру Алтыбаева билдирди:

“Өзбекстанга кыз берип, келин алып жүрүшпөйбү. Алардан кабар алганы барганда дайым акча талап кылып, жок дегенде 1-1,5 миң сом бермейинче өткөрбөй жатышканын айтып арызданышууда. Ал жерде камералар барбы? Коррупцияга каршы механизмдер кандай?”.

Депутаттын мындай суроосуна Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев жооп берди:

“Мен билгенден камералар бар. Антикоррупциялык, түшүндүрүү иштерди жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы, анча-мынча (пара алуу - ред.) болсо керек. Аларды жоопко тартып жатышат”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы депутат Алтыбаеванын айткандарын “чындыкка дал келбейт” деп атады. Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, бекет аркылуу өткөн жарандарга санитардык-эпидемиологиялык гана талаптар коюлат, ПЧР тесттин баасы 1574 сом. “Достук” бекетинде 21 видеокамера орнотулганы, алардын баары борбордук системага туташтырылганы да белгиленди.

“Достук” бекети Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан. Ал аркылуу өтүүдө чек арачыларга акча берүү көрүнүшү калыптанып калганы буга чейин да айтылып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG