Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Бишкекте “Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” форуму өтүп жатат


Форумга экс-президент Роза Отунбаева катышууда.
Форумга экс-президент Роза Отунбаева катышууда.

Бишкекте бүгүн, 10-мартта “Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу форум өтүп жатат. Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 95 жылдыгына, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдардын макамы боюнча комиссиясынын 65-сессиясына жана Аялдардын эл аралык күнү боюнча, жаштардын “Теңдик Мууну” долбоору боюнча глобалдык өнөктүктөрүнө арналган иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы 2020-2021 жылдардагы шайлоолорго көмөктөшүү" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Максаты – жаңы чакырыктардын алдында аялдардын лидерлиги көп түрдүү экенин жана Кыргызстандын өнүгүшүндөгү аялдардын кошкон салымын көрсөтүү.

Уюштуруучулардын айтымында, форум Кыргызстандагы аялдар менен кыздар үчүн адилеттүү келечек түзүп берүү жана COVID-19 пандемиясынан чыгуу боюнча алардын зор аракеттерин белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Экс-президент Роза Отунбаева өз сөзүндө аялдардын парламенттеги ролуна токтолуп, Өзбекстанда аялдар 30%, Казакстанда 27%, Тажикстанда 24% түзөрүн, ал эми Кыргызстанда 17% экенин белгилеп, “жада калса авторитардык өлкөлөрдө абал башка экенин” айтты. Ошону менен катар ал Конституциянын азыр талкууланып жаткан долбоору боюнча президенттик башкаруу аялдардын катышуусун жок дегенде 24% камсыздарына ишенбей турганын кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело аялдардын коомдогу орду өтө маанилүү экенин айтып, алардын ролун жогорулатууга жарандык коом да катышышы керектигин белгиледи. Жыл сайын аялдардын эл аралык күнүндө аларга өз көйгөйүн айтууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылдыгын кошумчалап, аялдардын зор даремети бар болсо да алардын саясаттагы орду корголбой жатканын айтты.

Форумга өкмөттүн, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер, маданият адамдары жана ишкерлер катышууда. Кыргызстандын бардык аймактарынан келген лидер аялдар пандемияга каршы күрөштөгү өз тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. (AiA)

XS
SM
MD
LG