Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Жалал-Абаддагы бир көчөгө Каныбек Ташиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды


Жалал-Абад шаардык кеңешинин жана мэриянын имараты.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин жана мэриянын имараты.

Жалал-Абаддагы борбордук көчөлөрдүн бири - Пушкин атындагы көчөгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы, маркум Каныбек Ташиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунуш бүгүн 10-мартта шаардык кеңештин сессиясында каралды.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков "Азаттыкка" билдиргендей, бул көчөнүн аталышын өзгөртүү тууралуу арыз менен Ташиевдин туугандары жана жергиликтүү тургундар кайрылышкан.

Бул боюнча 9-мартта депутаттык комиссия түзүлгөн. 10-марттагы шаардык кеңештин жыйынында шаар мэри Эрнисбек Ормоков "документ боюнча көптөгөн маселелер жаралат" деген негизде көчөнүн мурдагы аталышын калтырууну сунуштап, депутаттар аны колдоду.

Жалал-Абаддагы “Томас” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары белгилүү болгон Каныбек Ташиев коронавирус күчөп кеткен 2020-жылдын июль айында, 57 жашында каза болгон.

XS
SM
MD
LG