Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасалат


Раим Матраимов сотто. 2021-жыл, февраль.
Раим Матраимов сотто. 2021-жыл, февраль.

Коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө инвозивдүү операция жасалат.

Бул тууралуу «Бикард» клиникасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Елена Баялинова "Азаттык" радиосуна билдирди.

«Матраимов биздин клиникага кан басымы жогорулап, айрым кан айлануучу органдарынын иши бузулган абалда алып келинген. Учурда ага операциянын алдындагы атайын кароо жүргүзүлүп жатат. Анын жүрөгүнүн кан тамырларына скальпельсиз - инвозивдүү операция жасалат».

Елена Баялинованын айтуусунда, учурда дарыгерлер Матраимовдун бөйрөгүнө да кароо жүргүзүшүүдө.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-февралда эки айга камалган. Кийинчерээк ал ден соолугу начарлап, Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасына жаткырылганы кабарланган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG