Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

УКМК: Террордук топтун мүчөлөрү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык террордук топтун мүчөлөрү 5-мартта кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 9-мартта кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген.
Алар “Адам өлтүрүүгө даярдануу” фактысы боюнча сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында кармалган.

Иликтөө учурунда бул топ Сириядагы террордук уюмдардын жетекчилери тарабынан башкарылып турганы, Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалды курчутуу, өлкө аймагында согуштук аракеттерди жүргүзүүнү максат кылганы, топтун айрым мүчөлөрү эл аралык террордук уюмдардын катарында чет өлкөлөрдө атайын даярдыктан өтүп келишкени, жасалма жардыргыч заттарды колдонууну пландашканы аныкталган.
Учурда УКМК кылмыш тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө.

Шектүүлөр кайсы жактан кармалганы, канча адам экени тууралуу маалымат бериле элек.

Өткөн айда диний-экстремисттик жана террордук уюмдарга көмөктөшкөн деген шек менен Ошто эки адам кармалган. Алар эл аралык террордук уюмдарга таандык болгон, жарандардын тынчтыгына, Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азия аймагындагы мамлекеттердин да коопсуздугуна коркунуч келтирген үгүт маалыматтарды таратып турушкан деген шек менен кармалышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG