Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

IOC Виктор Лукашенкону Беларустун улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы деп тааныбайт


Александр Лукашенко уулу Виктор менен. 21-февраль 2021-жыл
Александр Лукашенко уулу Виктор менен. 21-февраль 2021-жыл

Эл аралык Олимпиада комитети (IOC - The International Olympic Committee) Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкону Беларустун улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы деп таануудан баш тартты.

8-марттагы билдирүүдө эл аралык комитет Беларустун Хоккей федерациясынын башчысы Дмитрий Баскауну улуттук комитеттин аткаруу органынын мүчөсү катары тааныбай турганын маалымдады. Экөө тең бардык эл аралык иш- чараларга, анын ичинде Олимп оюндарына катыштырылбайт.

1997-жылдан бери Улуттук комитетти Александр Лукашенко жетектеп келген. Өткөн айда анын ордуна буга чейин президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы болуп иштеген Виктор дайындалган.

Кенже Лукашенко жана Баскау Еврошаркеттин санкциялар тизмесине да кирген. “Кара тизме” былтыр президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы башталган тынч митингдердин катышуучуларына күч колдонгондо түзүлгөн.

Баскау ноябрда Роман Бондаренкону өлтүрүүгө аралашкан деп маалымдалган.

Эл аралык комитет ошондой эле Беларустун улуттук комитетине финансылык төлөмдөрдү токтотууну чечти. Ошол эле маалда айрым беларустук атлеттерге федерациялар аркылуу колдоо улана бермекчи.

Беларустук бир катар белгилүү спортчулар Лукашенконун отставкасын талап кылганы жана демонстранттарды ачык колдогону үчүн 10-15 күнгө камалып чыккан.

Былтыр тутанган акциялар зомбулук менен коштолуп, бир нече киши каза тапкан. Укук коргоочу уюмдардын айтымында, кээ бир кармалгандар коопсуздук органдарынын кыйноолоруна туш болгон деген далилдер бар.

XS
SM
MD
LG