Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Бегиш Аматов: Кыргызстандын эгемендигин жарыялагам


Бегиш Аматов: Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жарыялагам
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:03 0:00

Бегиш Аматов: “Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жарыялагам”

"Бийлик сырлары" рубрикасынан бул ирет Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары жарыяланышына түздөн-түз тиешеси бар, "Легендарлуу парламенттин" депутаты Бегиш Аматов менен болгон интервьюга күбө болосуздар.

“Азатттык”: - Бегиш Аматович, сиз катуу атаандаштыктын негизинде "Легендарлуу парламентке" депутат болуп келдиңиз, активдүү эл өкүлү болдуңуз. Сиз кайсы бир интервьюнузда “Кыргызстандын көз каранды эместигинин декларациясы менин сунушум, менин демилгем менен кабыл алынган” дептирсиз. Ал кандайча болду эле?

Бегиш Аматов: - Анын тарыхы мындай: 1991-жылы 18-августа Алайда айтылуу Курманжан датка энебиздин 180 жылдыгы белгиленди. Кыргызстандын ар тарабынан чогулуп келип, жалпы журтубуз мааракени кызуу белгиледик. Казакстан же Өзбекстандан коноктор келген жок. 150 миңдей киши катышып, миңден ашуун боз үйлөрдү тигип алып, кыргыздар эртеден кечке элдин эркиндиги жөнүндө кеп кылып, анын ичинде Курманжан датка энебизди айтып даңктадык, мактандык.

19-августа Ош обкомуна жумушка келсем, Москвада ГКЧП башталды, б.а. мамлекеттик төңкөрүш болгонун билдик. Телевизорду карап отурсак ГКЧПлар сүйлөп жатышат, СССР президенти М. Горбачев Крымда барымтада, Орусиянын президенти Б. Ельцин танканын үстүндө сүйлөп жатат, эмне болор экен деп тынчсызданып отурабыз.

Обкомдо иштеген Шералы деген коллегам менен чогуу чай иччү элек, түштөнүүгө түшүп баратсам, ал сырттан келген өзбектердин коштоосунда гүлчамбар көтөрүшүп, облуска жаңы жетекчи болгон Батыралы Сыдыковго кирип баратышат.

Ал күнү Шералыга жолуга алган жокмун, эртеси эмне болгонун сурасам, “кечээ Анжиян облусунун жетекчилери Батыралы Сыдыковду куттуктаганы келишкенин, алар 1-сентябрда Өзбекстан көз каранды эместигин жарыялай турганын, республика жетекчиси Каримов бардыгын Ташкентке чакырып жаткандыгын айтышты” деди.

Аны угуп алып мен Шералыга айттым: “Борбордук Азияда түрк улуттарынын сакалдуусу кыргыздар. Биз турганда башкалар эшикти ачып туруш керек, бизден алдыга озуп кеткен болбойт”,= дедим.

Ошол күнү президент Акаевдин Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясын 31-августка чакырган жарлыгы чыгып калды. Күн тартибинде төрт маселе бар экен, Эгемендүүлүк жөнүндө маселе жок.

Мен Бишкекке келип эле парламент төрагасы Медеткан Шеримкуловго кирип, “өзбектер 1-сентябрда көз каранды эместигин жарыялайт экен, биз 31-августта маселе коюп, жарыялайлы” десем, “бул унчукпайт го” деп жетинчи кабатты көрсөтүп койду. Жетинчи кабатта отурган Акаевге чыксам, эл көп экен, кире албагандыктан Кузнецов деген вице-президентке айтсам, “сен аны эмне кыласың, өзбектер эмне кылат, алардын өз иши” деди. Компартиянын биринчи катчысы Ж. Аманбаевге барсам, аны “төңкөрүштү колдодуң” деп КГБ кармап кетиптир.

Ошентип мейманканага барып, өз алдымча Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоонун негиздерин жаздым. СССРдин 1936-жылдагы Конституциясы Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болоруна жол берерин башкы аргумент кылдым.

Эртеси 31-августта сессияга кирип келатсам депутаттар Т. Касымбеков, К. Бобулов учурашканда оюмду айтсам, “туура кыласың, колдойбуз” дешти. Ошентип сессия башталганда алиги төрт маселе коюлуп жатканда, бешинчи кылып, “Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоо боюнча" маселени күн тартибине сунуштадым. Үч-төрт кииши каршы чыкканы болбосо, дээрлик бардык депутаттар дуулдап колдошту.

Жыйынтыгында “Кыргызстандын көз каранды эместиги жөнүндө декларациясы” легандарлуу парламенттин күн тартибине №1 пункт менен коюлуп, 1991-жылы 31-августа түшкө чейин кабыл алынып, дүйнөгө тарады. Ошентип Кыргызстан Орто Азияда биринчи болуп, өз эгемендүүлүгүн жар салган.

Депутаттар менен турсам бир киши келип, “сизди президент Акаев чакырып жатат, түштөнүү учурунда кабыл алат” деп калды. Айткан убагында барсам Аскар Акаевич кучак жая жайдары тосуп алып, куттуктады. Менин ишиме, үй-жайыма кызыкты. Президент ишкерлерди колдоо боюнча республикалык фонддун жетекчи орун басары кызматын сунуштады, жаңы бүтүп жаткан үйдөн батир берүүнү сүйүнчүлөдү. Бир заматта кызмат алып, үйлүү болуп калгам.

Эшикке чыгып, депутаттар Т. Касымбеков менен К. Бобуловго болгон окуяны айтсам “Акаевдин акылы бар, карызынан кутулган турбайбы” деп күлүп калышты.

XS
SM
MD
LG